Жаратылыш министрлиги Кел-Суунун аймагын текшерди

Кел-Суу - Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 3 500 метрдей бийиктикте жайгашкан. Архив.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы Ак-Сай өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча мониторинг кылды.

Аймакта жалпы 56 адам каттоого туруп, алардын ичинен 20сы жеке ишкерлик менен алектенери белгилүү болгон. Ишкерлерге калдыктарды туура чогултуу жана айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, министрликтин кызматкерлери Кел-Суу көлүнүн аймагындагы кайык ээлерин жана туризм тармагында иш алып баргандарды көлдүн жана ага чектеш аймактардын тазалыгын сактоого чакырды.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кел-Суунун айлана-тегерегинде таштандылар чачылып, көлгө барчу жолдогу жайыт жерлер тебеленип жатканы тууралуу сүрөт, видеолор жарыяланган.

Кел-Суу көлү деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан. Көл 1980-жылы жүргөн жер көчкүдөн кийин пайда болуп, эриген мөңгүлөрдүн суусуна толгон. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500 метрден 2000 метрге чейин жетет. Тереңдиги 5-10 метрди түзөт. (BTo)

Дагы караңыз

Корумду чокусунан эки альпинисттин сөөгү түшүрүлдүУКМК Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирдиКремль ЦРУнун башчысынын Москвага сапары тууралуу маалымат берди Будапешт Орусияны Венгрия жана Европа үчүн "коркунуч" деп тааныды CPJ кыргыз бийлигин Тажибек кызына коюлган айыпты алып салууга чакырдыШаардык сотто “75чилердин иши” боюнча соттук отурум уланууда