Ош шаарында 20 жаштагы кыз 6-кабаттан секирип каза болду

Иллюстрация сүрөт.

27-августта Ош шаарынын Партсьезд көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 20 жаштагы кыз (Т.А.) секирип каза болду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, териштирүүдө маркум Кара-Суу районунун тургуну экени, окуя болгон үйгө туугандарына конокко барганы аныкталган.

Күбөлөр кыз кабат үйдөн боюн таштаганга чейин бирөөлөргө таарынычы бар экенин айтканын билдиришкен. Андан кийин чогуу отурган кыздар өз иштери менен алек болуп калганда күтүүсүздөн терезеден секирип кеткени айтылды.

Кыз “Тез жардам” менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, окуянын күбөлөрү суракка алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Дрон соккуларынан улам Орусия июлда мунайзатты 19% аз өндүрдү Ozon'дун Оренбург жана Уфадагы кампаларына сокку урулду Будапешт Орусияны Венгрия жана Европа үчүн "коркунуч" деп тааныды Жаратылыш министрлиги Кел-Суунун аймагын текшердиКорумду чокусунан эки альпинисттин сөөгү түшүрүлдүУКМК Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирдиCPJ кыргыз бийлигин Тажибек кызына коюлган айыпты алып салууга чакырды