“ЭлКатты” Кыргызстанга интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз компания кылуу сунушталды

“ЭлКаттын” эн белгиси.

Президенттин иш башкармасы “ЭлКат” компаниясын Кыргызстандын аймагына интернет-трафикти жеткирүү, берүү жана башка мамлекеттерге транзит өткөрүү боюнча жалгыз оператор кылууну сунуштады.

Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаевдин атынан иштелип чыккан токтом долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда Кыргызстанда иштеп жаткан жана жаңы түзүлгөн телекоммуникация операторлорун эл аралык интернет-трафикти бир гана “ЭлКаттан” алууга милдеттендирүү сунушу бар.

Токтом киберкоркунучтарды алдын алуу, байланыш кызматтарына баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн иштелип чыкканы айтылат.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын июль айында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоо боюнча убактылуу мамлекеттик монополия киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык “ЭлКат” компаниясына башта сөз болгондой эле укук берилген. Жарлык 2026-жылдын 14-августунда күчүн жоготот деп белгиленген.

Президенттин иш башкармасы бул убакыт аралыгында эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана кызмат көрсөтүүгө 1 Мбит/с үчүн 0,75 доллар бирдиктүү тариф белгиленип, өлкөдөгү негизги беш байланыш оператору жалпысынан айына 11 млн сомго жакын (жылына 131 млн сом) каражат үнөмдөгөнүн билдирди.

“ЭлКат” ишканасы 2025-жылы мамлекетке кайтарылып, Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн.

“ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаев, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелев “коррупцияга” шек саналып, 2025-жылы февраль айында камакка алынган. Көп өтпөй УКМК буга байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда компания 1994-жылы түзүлгөнү, 51% президенттин аппаратына, калган 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгону, кийин кызмат адамдардын кийлигишүүсүнүн негизинде коррупциялык жолдор менен жеке колго өтүп кеткени айтылган.

“ЭлКат” ишканасы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып жүргөн Алексей Ширшовдун көрсөтмөсүнүн негизинде мамлекетке өткөнүн президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков билдирген.

Айрым адистер эл аралык интернет-трафикти жеткирүү жана камсыздоого мамлекеттик монополиянын киргизилишин сынга алышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Түркияда кармалган Эрмек Сабыржановдун соту 9-сентябрда башталатТөрт жылда Кытайдан Кыргызстанга 1,85 млрд доллар түз инвестиция тартылдыТрамп Путин "НАТО аймагына кол салбай турганын" билдирдиНепалдагы суу ташкыны: Каза болгондордун саны беш жүздөн ашты, миңдей адам дайынсызКел-Сууда экологиялык талаптарды бузгандарга айып салындыКазакстанда өзбекстандык профессор тыңчылыкка шектелип жатканы кабарландыАбактагы Равшан Жээнбеков саясий куугунтук токтобой жатканын айтты