Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды

Назарали Арипов.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды. Маалымат президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин Арипов 2021-2023-жылдарда Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп иштеген. Ага чейин 2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү болгон.

Июль айында Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотулуп, Мажарстандагы элчи кызматына дайындалган. (КЕ)

Дагы караңыз

30-августтун аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөтАз камсыз болгондорго электр энергиясы үчүн кенемте берүү каралуудаНепалдагы апаат: 600дөй киши көз жумду, эки казакстандык дайынсызШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келе турган лидерлердин тизмеси белгилүү болду