Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына акчалай кенемте төлөөнү сунуштоодо. Бул боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөргө кошумча катары электр энергиясынын акысын төлөөсү үчүн ай сайын кенемте берилет. Муну менен электр энергиясынын жеңилдетилген баасы кенемтеге алмаштырылат.
Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, ушул тапта "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жаткан 41 695 үй-бүлө болсо, алардын ичинен 39 652си электр энергиясына жеңилдик пайдаланат, бул аталган жөлөкпулду алуучулардын жалпы санынын 95 пайызын түзөт. Бирок алардын ичинде өзүнүн үйү жана туруктуу катталган жери жоктугунан электр энергиясына арзан баада төлөй алышкан эмес.
Кенемтенин өлчөмү электр энергиясынын калк төлөгөн стандарттык тарифи менен жеңилдетилген тарифтин ортосундагы айырмага карата саналат. Ага ылайык, жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) айына 400 кВтс, кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) айына 700 кВтс көлөмүндө электр энергиясынын акысы акчалай кенемте түрүндө төлөнөт.
Демилгечилер токтомду 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке киргизүүнү сунуштап жатышат.
Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттаган. Катардагы карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразылыгын жаратып келген.
Президенттин жарлыгы менен 1-августтан тартып үч жашка чейинки балдардын баарына, ата-энесинин макамына карабастан, ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштады. (ZKo)
Шерине