30-августта эртең менен Бишкектеги "Мадина" базарынын аймагында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алгач базардагы контейнер күйгөн жана башка жактарга жайылган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм тартылды.
Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.
Өрттүн себеби жана жабыр тарткандар бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.
29-июнда "Мадина" базарында айрым соода жана тамактануучу жайлар бузулган. Соодагерлер мэриядан базар жабылып, орду реконструкция болору жөнүндө кабарлама алышкан.
Расмий органдар ишкерлерди 1-августка чейин соода түйүнүн жаап, ишин токтотууну эскертишкен.
Кийинчерээк Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу "Мадина" базары 1-августта жабылбай турганын, соодагерлерге жаңы "Ала Тоо" базарына көчүүгө кошумча убакыт жана үч ай жеңилдик берилерин билдирген.
Буга нааразы болгон соодагерлер утур-утур нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алар "Ала Тоо" базарында ижара да, сатып алуу үчүн соода жайлары да кымбат экенин айтышууда. (КЕ)