Орусиянын дрон чабуулунан Киев облусунун Буча районунда каза болгондордун саны өсүп, 37ге жетти. Куткаруу иштери 29-августта дагы уланды. Расмийлер набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко «Бучада каза болгондордун саны 37ге жеткенин телеграм каналына жазып, куткаруучулар менен тийиштүү кызматтар издөө, куткаруу иштерин улантып жатканын билдирди.
Жергиликтүү бийлик Украинада 29-августка караган түнү Киев облусундагы кампага Орусиянын аскерлеринин соккусунан кийин ири өрт чыкканын билдирген. Өрт учурунда бир нече жарылуу болгон.
Ткаченко орус армиясынын соккусунан ондогон адамдар жабыркап, арасында балдар бар экенин кабарлады. Анын айтымында, ири өрт чыгып, турак үйлөргө дагы жайылган.
«Азаттыктын» украин кызматынын журналисти Марьян Кушнир бүтүндөй район урандыга айланганын, карылар үйү дагы соккуга дуушар болуп, «көп» адам өлгөнүн окуя болгон жерден кабарлаган. Ткаченко Бучада каза болгондордун арасында райондогу коомдук бирикменин башчысы Тарас Дидыч дага бар экенин, бул чоң жоготуу болгонун билдирди. Зыян тарткан районго азык-түлүк жана башка жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий окуяны «кылмыштуу шалаакылык» деп атап, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылышы керектигин билдирген.
Украинанын Башкы прокуратурасы кызматтык шалаакылыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чейинки иликтөө башталганын маалымдаган.
Шерине