Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды. Маалымат президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланды.
Буга чейин Арипов 2021-2023-жылдарда Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп иштеген. Ага чейин 2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү болгон.
Июль айында Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотулуп, Мажарстандагы элчи кызматына дайындалган. (КЕ)
Шерине