"Мадина" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

30-августта эртең менен Бишкектеги "Мадина" базарынын аймагында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, алгач базардагы контейнер күйгөн жана башка жактарга жайылган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 бөлүм тартылды. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө. Өрттүн себеби жана жабыр тарткандар бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.