Дрон чабуулунан Ленинград облусундагы өнөр жай аймагында өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

30-августка караган түнү Орусиянын Ленинград облусуна 62 украин дрону чабуул койгонун аймактын башчысы Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, Кириши шаарындагы өнөр жай аймагында өрт чыгып, бир нече турак үй зыян тартты. Дрон "Прибрежный" эс алуу жайына жана №3 мектепке жакын жерге кулаган. Дрозденконун жазганына караганда, жабыркагандар жок.

ASTRA басылмасы күбөлөргө таянып, "Киришинефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыгышы мүмкүн экенин кабарлады. Завод буга чейин дагы дрон чабуулуна кабылган. Сокку тууралуу Украинанын байкоо салган Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары дагы жазды.

Ушул эле каналдар Краснодардагы Ейск шаарындагы авиабазага сокку урулганын NASA FIRMS каттаган өрткө таянып билдирди. Бул тууралуу Краснодар крайынын бийлиги маалымат берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү менен 494 украин дрону жок кылынганын кабарлады.

Дагы караңыз

“Мадина” базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки куткаруучу жараат алдыБишкектеги "Мадина" базарында өрт чыктыБишкек мэри өрт чалган "Мадина" базарынын соодагерлерине жардам берилерин айттыКытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды