Монголиянын президенти иш сапар менен Кыргызстанга келди

Кыргызстанга иш сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келди. 30-август, 2026

Кыргызстанга иш сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухту "Манас" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Монголиянын президенти "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Аэропортто ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин желектери илинген.

Монгол элинин башчысына Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 17 мамлекеттин жетекчиси жана эл аралык уюмдардын башчылары катышарын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Дрон чабуулунан Ленинград облусундагы өнөр жай аймагында өрт чыктыБишкек мэри өрт чалган "Мадина" базарынын соодагерлерине жардам берилерин айттыОрусиянын полициясы Москва метросунда 140 мигрант кармалганын билдирдиНепал, Тибет: суу ташкындан каза болгондор 750гө жетти, үч миңден ашууну дайынсыз