Белгороддо ЖЭБге жана Ozon'дун кампасына ракета менен сокку урулду, каза тапкандар бар

Белгородго 30-августта кечке жуук Украина ракета менен сокку урганы белгилүү болду.

Телеграм-каналдардын билдиришинче, сокку Белгород ЖЭБине, электр көмөк чордондоруна жана Ozon маркетплейсинин кампасы жайгашкан "Эстейт Логистик" терминалына тийген.

"Пепел. Белгород" басылмасы ракета соккуларынан кийин кампада да, ЖЭБде да өрт чыкканын кабарлады.

Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев жекшембинин кечиндеги маалыматка таянып, бир киши жана 16 жаштагы өспүрүм каза болгонун билдирди.

Кеминде 12 адам жараат алган, алардын арасында да жашы жете электер дагы бар. Абадан коргонуу системасы Белгороддун үстүнөн учкан дронду атып түшүргөнү кабарланууда.

Андан сырткары бир дрон облустук социалдык коргоо башкармалыгынын имаратына тийип, зыян келтирген.

Белгород телемунарасына жасалган чабуулдан улам шаардагы абоненттерде санариптик телевидение өчкөн. Ozon компаниясынан логистикалык борбор жана хаб чабуулга кабылганын билдиришти.

Кызматкерлер эвакуацияланып, жабыркагандар бар. Ozon "логистикалык чынжырчалар кайрадан жөнгө салынмайынча" Белгороддо жана облуста буюртмаларды кабыл алууну жана жеткирүүнү убактылуу токтотту.

Дагы караңыз

Украинанын Башкы штабы: Орусия өткөн суткаларда миңден ашуун аскерин жана беш танкын жоготтуГермания Орусияны Лейпциг аэропортундагы диверсия үчүн айыптоону көздөп жатат Бишкектин мэри “Мадина” базарындагы өрттүн чыгымы эсептелип жатканын айтты