Садыр Жапаров АКШ өкүлү менен виза маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров жана АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сержио Гор.

31-августта президент Садыр Жапаров АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сержио Горду кабыл алды.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде АКШга баргысы келген кыргыз жарандары үчүн визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгы сөз болду.

"Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык чечимдерди издөө, анын ичинде визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана тиешелүү чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду", - деп жазылган президенттик администрация тараткан маалыматта.

Жолугушууда мындан тышкары кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө көңүл “Борбор Азия + АКШ” (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө “В5+1” платформасынын ролу белгиленди. Элчи Серджио Гор Мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

АКШ 2025-жылдын июль айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскарткан. Кыргызстандын жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, ал үч айга чейин азайтылган. Бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат берилет.

B-1/B-2 визалары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайтып келерин далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

2026-жылы 6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкон. (ST)

Дагы караңыз

ШКУ: Бишкекке бир катар өлкөлөрдүн лидерлери келдиСпикер президенттик шайлоодо Жапаров кызматын убактылуу тапшырбай турганын айттыСадыр Жапаров менен Си Цзинпин Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту