Оштогу "Кара-Суу" базарында чыккан өрт өчүрүлдү.
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаевдин билдиришинче, өрт 700 чарчы метрлик кампада тутанган. Жыйынтыгында фольга сакталган жайдын 260 чарчы метри күйүп кеткен.
Чыңгыз Бапаев өрттүн себебин жана чыгымын тактоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Буга чейин социалдык тармактарда базарда жалынга аралаш кара түтүн уюлгуп, ал жердеги адамдар чуркап жүргөнү тартылган видео тараган.
30-августта Бишкектин “Мадина” базарында эртең менен чыккан өрт түштөн кийин өчүрүлгөн. Тилсиз жоо 1000 чарчы метр жерге жайылган. Өрттү өчүрүү учурунда эки кызматкер жараат алган. Соодагерлер базарды кимдир бирөөлөр атайылап өрттөшү мүмкүн деп шек санап жатышат.
Июнь айында Бишкек шаарындагы “Жунхай” базарынын унаа токтотуучу жайында өрт чыгып, төрт автоунаа толугу менен күйүп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, быйыл алты айда миңден ашуун өрт кырсыгы катталган. (ST)