Ишкер, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Reporter.kg басылмасынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Өмүрбек Бабанов “саясий карьерасын жыйынтыктаганын, азыр ишкерлик менен гана алектенип жатканын” кошумчалады.
Бабанов Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болгон. “Республика” партиясын түптөгөн. 2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган. 2009-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда вице-премьер-министр болуп иштеген.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо Бабанов Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болуп, экинчи болуп келген. Шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. 2019-жылы 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген.
2020-жылдагы Октябрь окуялары учурунда Өмүрбек Бабанов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев биргеликте Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында акция өткөрүшкөн.
2021-жылы майда Бабанов “Кумтөр ишине” байланыштуу айыпталып камалган. Көп өтпөй, эки айдан кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен жана ошол жылы сентябрда Кыргызстанга кайтып келген. Ага Кой-Таш окуяларына байланыштуу да айып коюлуп, сот аны актаган.
Президент Садыр Жапаров июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Садыр Жапаров келерки президенттик шайлоого катышарын, бардык талапкерлерге шарт түзүлө турганын айткан. (BTo)