Бишкекте кыргыз-кытай инженерлер институту ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын желектери.

Бишкекте кыргыз-кытай инженердик институту ачылды.

Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Лаборатория И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында ачылып, 200 млн сомго жакын каражатка бааланган 15 лаборатория менен камсыздалган.

Маалыматка караганда, институт жашыл энергетика, тоо-кен багытында иш алып барат.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен 30-августта Бишкекке келген.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 30дан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлганы расмий кабарланды.

Кыргызстандын президенттик администрациясы билдиргендей, Си Цзинпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында, транспорт-логистика, инвестиция, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болду.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюшту.

1-сентябрда Си Цзинпин ШКУнун 25 жылдыгына арналган саммитке катышууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Моди Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырдыОрусиянын соккусунан Киевде 12 киши набыт болуп, 19у жабыркады“Ала-Арчадагы” чокулардын бирине ШКУнун аталышы берилетНепал: Суу ташкындан каза болгондор 900дөн ашты, издөө иштери уланууда