Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керектигин белгиледи.
Бул тууралуу мамлекет башчы 1-сентябрда Бишкек шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынында айтты.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борборду тез арада ишке киргизүү маанилүү экенин белгиледи.
Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, экономикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге өткөрүү зарылдыгын айтты.
Жапаров уюмдун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин практикалык жактан чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мүчө мамлекеттерди жана ишкер чөйрөлөрдү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Ысык-Көлдөгү “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.
Жыйын жүрүшүндө ШКУнун бирдиктүү технологиялык мейкиндигин түзүү зарылдыгы да айтылды.
"Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, уюмду мындан ары өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты", - деп айтылат президенттин администрациясы тараткан маалыматта.
ШКУга төрагалык кылуу эстафетасы Пакистанга берилди. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өтүп жатат.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышууда.
Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда жана “ШКУ+” форматындагы жолугушуу башталды.
2001-жылы Бээжин жана Кремлдин демилгеси түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт. (КЕ)