ШКУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы борбору Бишкекте жайгашат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев. 1-сентябрь, 2026. Бишкек

Бул тууралуу 1-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынынан кийин билдирди. Аталган борбор үчүн керек болгон бардык инфраструктураны кыргыз тарап даярдаганын маалымдады.

Бул борбор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал чакырыктарга каршы туруу боюнча универсалдуу түзүм катары иштей турганын министр кошумчалады.

Кулубаев саммитте кол коюлган башкы саясий документ ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы болгонун белгиледи. Кыргызстандын башкы дипломатынын айтымында, бул декларацияда эл аралык жана аймактык маселелер боюнча уюм мүчөлөрүнүн макулдашылган позициясы камтылды.

Министр документте кандай конкреттүү позициялар бар экенин тактаган жок.

Жээнбек Кулубаев жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясына өзгөртүүлөр киргенин, ал уюмдун коопсуздук архитектурасын өнүктүрөрүн кошумчалады.

ШКУ башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны, "ШКУ плюс" жолугушуусу 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Жыйындын соңунда 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.

Саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышты.

Кыргызстан кийинки жылы ШКУга төрагалык кылуу үчүн эстафетаны Пакистанга тапшырды.

2001-жылы Бээжиндин жана Кремлдин демилгеси менен түптөлгөн ШКУга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Иран жана Беларус кирет. ШКУга мүчө 10 мамлекетте жалпысынан 3,4 миллиардга жакын адам жашайт.

Дагы караңыз

Иран президенти мындан аркы кырдаал Вашингтондон көз каранды экенин айттыАлиев менен Путин Бишкекте кыскача сүйлөштү Кыргызстандын жана Түркиянын коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты талкууладыСадыр Жапаров Кыргызстан БУУну реформалоону колдой турганын айтты