Шейшемби күнү АКШ күчтөрү Иранга каршы соккуларды кайра баштагандан кийин Иран АКШнын Ирактагы жана Иорданиядагы аскердик базаларына сокку урду. Америкалык борбордук командачылык буга чейин кабарлагандай, Иранга каршы жаңы соккулар Чыгыш убактысы боюнча чак түштө жасалган.
"Бул соккулар Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге жана аймакта жайгашкан АКШнын аскер кызматкерлерине соңку кол салуу аракеттеринен кийин жасалды", - деп билдирди борбордук командачылык X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Кызыл Чырым уюмунун Ирандагы биримдиги АКШнын ракеталык соккуларынан төрт киши каза болгонун, алардын бирөө жаш бала экенин кабарлады. Ракетанын сыныктары Ирандын түштүгүндөгү Сирик шаарында ошол учурда үлпөт той болуп жаткан турак үйгө түшкөн.
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасына америкалык соккулар Ирандын Ормуз кысыгына жаңы миналарды коюу жана Иорданиядагы АКШ базасына сегиз ракета менен сокку уруу аракеттерине жооп катары жасалганын жазды. Трамп бул аракеттердин экөө тең ишке ашпай калганын билдирүүдө.
Трамп Иран бул жолу жооп кайтарууну чечсе дагы жаңы жана катуу сокку жасаларын убада кылды.
Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ жаңы соккулары үчүн өкүнүп каларын билдирди. Ал эми ирандык агенттиктер аймактагы АКШ базаларына каршы жооп иретинде ракета жана дрон учуруу башталганын ырасташты.
Ушул аптанын башында АКШ июль айынан бери биринчи жолу Ирандагы буталарга, тагыраак айтканда Ормуз кысыгындагы Ларак аралында жайгашкан эки ракета учуруучу жайга сокку урду. Буга жооп катары Иран Иорданиядагы авиабазаларга ракеталык чабуул жасап, Бириккен Араб Эмираттарына учкучсуз учак учурду.
Ирандын жергиликтүү бийликтери АКШ Ормуз кысыгынын жээгиндеги Чабахар жана Конарак портторуна төрт ракета менен чабуул жасаганын билдирүүдө.
Мындан тышкары, Ирандын мамлекеттик IRIB маалымат каражаты өлкөнүн түштүгүндөгү Жирофт шаарынын аэропортуна АКШ сокку урганын кабарласа, Tasnim агенттиги Кешм аралында, ошондой эле Конарак жана Бандар-Аббас портторунда бир нече жарылуу болгонун маалымдады.
АКШ Иранга каршы жаңыдан сокку урду, Иран жооп кайтарды
АКШ Борбордук командачылыгы быйыл 4-августта тараткан бул сүрөттө америкалык F/A-18E Super Hornet кыргын салуучу учагы көккө көтөрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Иллюстрация.