Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация тууралуу маалыматтарды төгүндөп, муну "маалыматтык чабуул" деп атады. Бул тууралуу ал 1-сентябрда Кыргызстанга иш сапарынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Бул болбогон кеп. Бул Орусияга карата маалыматтык чабуул", - деди Путин.
The Guardian жана Deutsche Welle басылмалары Орусия Украинадагы согушта ай сайын жаңыдан аскерге алынгандарга караганда бир нече миңге көп жоокерин жоготуп жатканын жакында өз булактарына таянып жазган.
Басылманын маалыматына караганда, Орусия күн сайын болжол менен 1 миң жаңы жоокерди аскерге тартууда. Бирок акыркы эки айда бул сан согушта каза болгондордун жана жараат алгандардын ордун толтурууга жетишсиз болуп жатат.
"Ковчег" укук коргоо долбооруна Орусиядан эмиграцияга кетүү маселесине байланыштуу кеп-кеңеш сурап кайрылгандар соңку үч айда болжол менен 1,5 эсе көбөйгөнүн "Эхо" медиасына курган маегинде долбоордун негиздөөчүсү Анастасия Буракова билдирген.
Орусиядан кетүүнүн негизги себеби катары өлкөдөгү жалпы абалдан кооптонууну, жаңы мобилизация жарыялоо ыктымалдыгын, Орусияда жашагандан чарчашканын, "тынч жашап, иштегиси келгенин" аташкан.
Орусияда быйыл Мамлекеттик Думага шайлоо өткөндөн кийин аскерге жапырт мобилизация башталары тууралуу кеп тараганын Орусиядагы кыргызстандык мигранттар дагы билдиришкен. (КЕ)
Путин мобилизация тууралуу маалыматтарды төгүндөдү
Орусиядагы мобилизация. Иллюстрация сүрөт.