Жогорку Кеңеш 2-сентябрдагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берип, тийиштүү токтом кабыл алды.
Жыйында талапкерди президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Асаналиевди УКМК жетекчиси кылып дайындоого 87 депутат макул болсо, "каршы" добуш бергендер болгон жок.
Мунун алдында парламент Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берген.
Февраль айында Камчыбек Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп бекиген Жумгалбек Шабданбеков 30-июнда кызматтан алынган. "Ынтымак Ордо" мунун себебин анын башка кызматка өткөнү менен түшүндүрүп, кайсы ишке барганын тактаган эмес.
Президент Садыр Жапаров чыгарган тескемеге ылайык, 30-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Асаналиевдин ордун анын биринчи орун басары Малик Бектурганов ээлеп, башкы прокурордун милдетин аткара баштаган. (КЕ)