Pegasus авикомпаниясы Москвага айрым каттамдарын токтотту

Pegasus Airlines түрк авиакомпаниясынын учактары Стамбулдагы Сабиха Гөкчен аэропортунда токтоп турат. 2014-жыл, 7-февраль.

Түркиянын Pegasus авиакомпаниясы Москвага бир катар авиакаттамдарын токтотту. Бул тууралуу «Осторожно, новости» жана «Пост» Телеграм каналдары жазды.

Алардын маалыматына караганда, Түркия менен Москванын Внуково аэропортунун ортосундагы жалпысынан 12 каттам токтотулган.

Бодрумдан Москвага учмак болгон PC1456 каттамынын жүргүнчүлөрүнүн айтымында, алар учакка отуруп жатканда сапар токтотулганын угушкан.

Аларга «аба мейкиндигиндеги кырдаалга байланыштуу» каттам токтотулганын айтышкан.

Бодрум аэропортунун онлайн-таблосу да 2-сентябрдагы PC1456 каттамы токтотулганын көрсөтүүдө.

Бирок Pegasus азырынча Москва багытындагы каттамдарды токтотуунун себеби тууралуу расмий түшүндүрмө бере элек.

Айрым жүргүнчүлөр муну Украина президенти Владимир Зеленскийдин Орусиянын аба мейкиндигине байланыштуу соңку билдирүүсү менен байланыштырышууда.

«Сыягы, Pegasus Зеленскийдин сөзүн олуттуу кабыл алды. Кечээ алардын бардык каттамдары токтотулду, ал эми башка авиакомпаниялар учуп жаткандай», -деген жүргүнчүлөрдүн бири «Пост» басылмасына.

1-сентябрда Зеленский чет өлкөлүк авиакомпанияларды жана камсыздандыруу компанияларын Орусиянын аба мейкиндигиндеги коркунуч тууралуу эскерткен.

«Орусиянын асманы толугу менен кооптуу болуп баратат. Украина жарандык авиацияга, бир дагы жарандык учакка коркунуч жаратпайт. Бирок Орусиянын аба мейкиндигинде дрондор болот жана муну билүү керек. Орус бийлиги бул тууралуу тийиштүү деңгээлде маалымат бербей жатат. Иш жүзүндө Орусиянын асманы жабыла баштайт», - деди украин президенти.

Ошол эле учурда Pegasus каттамдардын токтотулушу Зеленскийдин билдирүүсүнө түздөн-түз байланыштуу экенин ырастаган жок.

Москвага башка авиакомпаниялардын каттамдары уланып жатканы кабарланууда.

Буга чейин украин дрондорунун чабуулдарынан улам Москванын Внуково, Домодедово, Шереметьево жана Жуковский аэропортторунда учактардын учуп-конуусуна маал-маалы менен чектөө киргизилип келген. Мындай учурда ондогон каттамдар кечигип, башка аэропортторго багытталууда.

Дагы караңыз

Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этно-шаарчасы ачылдыOzon сатуучуларга товарды Казакстанга жайгаштырууну сунуштады Быйыл ата-энелер декадасында эрте нике, зомбулукту алдын алууга көңүл бурулат