Борбор Азия ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде: Кыргызстан коңшулардан эмнеге артта?

2026-жылдын июль айында Борбор Азия ЮНЕСКОдон дароо эки жакшы жаңылык алды. Өзбекстандын борбору Ташкенттеги модернизм стилинде курулган он имарат, анын ичинде Тарых музейи жана "Космонавттар" метро станциясы, эми ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип, коргоого алынды. Ошол эле учурда Казакстандан Маңгыстоо аймагындагы беш ыйык-сакралдык комплекс дагы бул тизмеге кошулду.

Бул чечимдер ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 48-сессиясында кабыл алынды. Натыйжада Өзбекстандын бул тизмедеги объектилеринин саны сегизге, ал эми Казакстандыкы жетиге жетти.

Ал эми Кыргызстандын Дүйнөлүк мурастар тизмесинде азырынча болгону үч объект бар. Андан да маанилүүсү, алардын саны келечекте дагы азайышы мүмкүн. Эмне үчүн Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча аймактагы эң акыркы орунда турат? Өлкө сунуштай турган мурастар азбы же маселе башкадабы?

Ташкент модернизми: Чыгыш мотивдери менен советтик демилге

Өзбекстандан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген эң көп талкууланган объектилердин бири Ташкенттеги "Космонавттар" метро станциясы болду.


Өзбекстандын мамлекеттик цирки

Өзбекстандык сүрөтчү Шухрат Бабажановдун пикиринде, Ташкенттин модернизм архитектурасы ЮНЕСКОнун тизмесине кирген он имарат менен эле чектелбейт. Бирок анын айтымында, буга чейин эле Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген объектилердин өзү чоң жетишкендик болуп саналат.

Шухрат Бабажанов

"Мага президентке караштуу Искусствону өнүктүрүү фонду бул он объектини сунуштаганы жагат. Азыр ал жерде искусство таануу жаатындагы абдан билимдүү адис Гаянэ Умарова жетекчилик кылууда. Бул өтө сабаттуу жүргүзүлгөн иш болду. Бирок айта кетчү нерсе, Өзбекстанда мындай имараттар мындан да көп. Мисалы, мен дагы Алишер Навои музейин бул тизмеге кошмокмун. Ошентсе да бул он объектинин Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенине абдан кубанычтамын. Бул чечим аларды коргоо кепилдиги болот деп үмүттөнөм", — деп сүрөтчү канааттануу менен белгиледи.

Казакстан: Маңгыстоодогу беш мечит

Ошол эле учурда ЮНЕСКО Казакстандын Маңгыстоо облусундагы беш уникалдуу ыйык сакралдык комплексти да Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизди. Алар: Шакпак-Ата, Бекет-Ата, Караман-Ата, Шопан-Ата жана Султан-Эпе комплекстери.

Бул мечиттер XII–XVIII кылымдарга таандык. Ар бир комплекс жер алдындагы мечиттерди, некрополдорду, мавзолейлерди жана суфи салттын жолдоочуларынын көрүстөндөрүн, зыярат кылуу багыттарын, ыйык булактарды жана башка диний объектилерди камтыйт.

Жер алдындагы мечиттер. Маңгыстоо

ЮНЕСКОнун баалоосу боюнча, бул комплекстерди өзгөчө кылып турган нерсе исламдын суфи салтынын, андан да байыркы ландшафттын ыйыктыгы тууралуу түшүнүктөрдүн жана көчмөндөр маданиятынын айкалышы болуп саналат.

Маңгыстоодогу бул комплекстердин адамзаттын материалдык мурастар тизмесине киргизилишин Казакстандын бийлиги тарыхый жетишкендик катары баалады.

Мечиттин ичи

"Бул Казакстандын тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ окуя. Биздин улуттук маданий мурастын объектиси акыркы жолу ЮНЕСКОнун абройлуу тизмесине 22 жыл мурун киргизилген. (2003-жылы Кожо Ахмет Ясавинин мавзолейи, ал эми 2004-жылы Тамгалы петроглифтери тизмеге кошулган). ЮНЕСКОнун тизмесинен татыктуу орун алуу биз үчүн чоң сыймык. Ошол эле учурда бул тарыхый жетишкендик бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт", — деп билдирди Казакстандын президентинин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Ерлан Карин.

Борбор Азияда ким алдыда?

Өзбекстан менен Казакстан Дүйнөлүк мурастар тизмесин жаңы объектилер менен толуктап жаткан учурда, Кыргызстан ЮНЕСКО тарабынан бүткүл адамзат үчүн өзгөчө универсалдуу баалуулукка ээ деп таанылган материалдык эстеликтердин саны боюнча аймакта акыркы орунда калды.

Пусанда июль айында кабыл алынган чечимге ылайык тизмеге киргизилгендер:

1) Өзбекстан — 8 объект. Алар: Хива шаарындагы Ичан-Кала, Бухара жана Шахрисабз шаарларынын тарыхый борборлору, "Самарканд — маданияттардын кесилишкен жери", Батыш Теңир-Тоосу (Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан тарабынан сунушталган объект), Туран чөлдөрү (Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын биргелешкен объектиси), "Жибек жолу: Зарафшан-Каракум коридору" (Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) жана Ташкенттин модернисттик архитектурасы.

Ичан-Кала жана Ширгазы хан медресеси. Хива, Өзбекстан, 2017-жыл, март

2) Казакстан — 7 объект. Алар: Кожо Ахмет Ясавинин мавзолейи, Тамгалы археологиялык ландшафтындагы петроглифтер, Сары-Арка — Түндүк Казакстандын талаалары жана көлдөрү, Батыш Теңир-Тоосу (Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан), Улуу Жибек жолунун Чанъань–Теңир-Тоо коридору (Казакстан, Кыргызстан жана Кытай), Туран чөлдөрү жана Маңгыстоодогу асканы чегип курулган мечиттер.

Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзү. Түркстан шаары, Казакстан. 2018-жылдын 21-августу.

3) Тажикстан — 5 объект. Алар: эң байыркы Саразм конушу, Тажикстандын улуттук паркы, Жолборс Балка коругундагы тугай токойлору, Жибек жолунун Зарафшан–Каракум коридору жана Байыркы Хутталдын маданий мурас объектилери.

Тажикстандагы Тигровая Балка коругу, октябрь 2015-жыл

4) Түркмөнстан — 5 объект. Алар: Байыркы Мерв мамлекеттик тарыхый-маданий паркы, байыркы Үргөнч шаары, Нисанын Парфия чептери, мелүүн алкактагы Туран чөлдөрү жана Жибек жолунун Зарафшан–Каракум коридору.

Түркмөнстандын Байыркы Мерв шаарындагы Султан Санжардын күмбөзү, 2014-жылдын январы

5) Кыргызстан — 3 объект. Алар: ыйык Сулайман-Тоо, Улуу Жибек жолунун Чанъань–Теңир-Тоо коридору аттуу трансчек аралык объектиси жана Батыш Теңир-Тоосу трансчек аралык объектиси.

Кыргызстандын Чүй облусундагы «Бурана» археологиялык комплекси

Сулайман-Тоо: ЮНЕСКО өнүгүүгө тоскоол болобу?

Сөз Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоо тууралуу болуп жатат. Бул Кыргызстанга толук таандык болгон жалгыз Дүйнөлүк мурас объектиси. Тоо саякатчылар үчүн багыт көрсөтүүчү белги жана ыйык жай катары урматталып келген.

Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Андан бери бир нече жолу түрдүү чыр-чатактардын жана талаш-тартыштардын чордонунда калды.

Сулайман-Тоо. Ош, Кыргызстан

Эмне үчүн Кыргызстан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген тарыхый эстеликтердин саны боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калууда? Адистердин айтымында, маселе уникалдуу жайлардын жоктугунда эмес. Негизги себептер мамлекеттик саясатка, тарыхый-маданий эстеликтерди коргоо деңгээлине жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди өзүнө алууга даярдыгына байланыштуу.

Орозбек Солтобаев

"Биз чиновниктерге кайсы бир тарыхый эстелик дүйнөлүк мааниге ээ экенин жана аны ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө боло турганын айтсак, алар бизге кайра: “ЮНЕСКО бизге эмне берет?” деген суроону узатышат. Биз, окумуштуулар, археологдор, изилдөөчүлөр, өкмөт бул маселеде бир муштумдай биригип, аракет кылмайынча эч нерсе кыла албайбыз. Болбосо натыйжа өтө аз болот", — дейт археолог Орозбек Солтобаев.

Археологдун ишениминде, Кыргызстанда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине татыктуу тарыхый объектилер абдан көп. Алардын катарына Саймалуу-Таш, Өзгөн мунаралары, Таш-Рабат, байыркы Шоро-Башат жана Сафед-Булан комплекси кирет.

Бул объектилердин айрымдарын өкмөт Дүйнөлүк мурас макамын алууга талапкер катары аныктаган. Мисалы, Саймалуу-Таш 2001-жылдын январь айынан бери, башкача айтканда 25 жылдан бери, ЮНЕСКОнун болжолдуу тизмесинде турат. Бирок ушул убакка чейин аны толук кандуу объект катары көрсөтүү иши аягына чыкпай келет.

Саймалуу-Таш

"Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркы макамына ээ. Бирок анын негизги өзгөчөлүгү уникалдуу петроглифтеринде. Ал жерде аска бетине түшүрүлгөн сүрөттөрү бар 10 миңдей таш бар. Эмне үчүн бул жагдай эске алынган эмес? Таштардын азыркы абалы абдан кейиштүү. Мен ал жакка чыккан учурда туристтер ылдый түшүп келе жатышкан, алардын сумкаларында петроглифтердин сынып же кесилип алынган бөлүктөрү бар экенин көрдүм. Мындай көрүнүштөр болбошу үчүн Саймалуу-Ташка башынан эле жөн гана жаратылыш паркы эмес, тарыхый-маданий парк макамын берүү керек эле", — деп белгилейт Солтобаев.

Саймалуу-Таш

Археолог өз көзү менен петроглифтердин бөлүктөрүн алып чыгып бара жаткан туристтерди көргөнүн айтат. Бирок редакция бул учурларды көз карандысыз түрдө тастыктай алган жок.

Эмне үчүн Ысык-Көл ЮНЕСКОго карай жолдон четтетилген?

Адистер көп эскерген дагы бир окуя — бийик тоолуу Ысык-Көлдүн ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирбей калган аракети. Кыргызстандын бермети саналган Ысык-Көл 2001-жылы ЮНЕСКОнун алдын ала тизмесине киргизилген. Бирок 2005-жылы өлкө анын талапкерлигин өз демилгеси менен кайра чакыртып алган.

Ысык-Көл, Кыргызстан

Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын мурдагы жооптуу катчысы Адаш Токтосунованын айтымында, эл аралык уюм өлкөдөн эки маанилүү милдеттемени алууну суранган. Алардын бири көл жээгинде туурасы 100 метрлик жаратылышты коргоо буфердик аймагын түзүү болсо, экинчиси агынды суулар көлгө куюлбашы үчүн тазалоочу курулмаларды жаңылоо эле. Бирок Токтосунованын айтымында, бул милдеттенмелер боюнча даярдалган документтер өкмөт тарабынан жактырылган эмес.

"ЮНЕСКОнун башкы кеңсеси абдан жакшы, маанилүү сунуштарды берген. Ошол эки документке өлкөнүн премьер-министри кол коюшу керек болчу. Бул 2005-жылдагы революцияга чейин болгон окуя. Мен ошол кездеги премьер-министр Николай Танаевге киргенимде, ал мени анча көңүл бурбай кабыл алды, – деп эскерет Адаш Токтосунова. – Мен англис тилинде бардык документтерди даярдап баргам, Ысык-Көл боюнча көлөмдүү досье да даяр болчу. Ага болгону кол коюу гана керек эле. Бирок ал президент менен макулдашпай туруп кол коё албасын айтты. Ошондой эле президент макулдук бериши күмөн экенин, анткени өлкөнүн бул милдеттенмелерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жетпей турганын билдирди".

Николай Танаев 2020-жылы дүйнөдөн өтүп кеткен. "Азаттык Азия" редакциясы түшүндүрмө алуу үчүн ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясына да кайрылган. Ал жактан Кыргызстанды Франциядагы элчиси жана ошол эле учурда ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп саналган Садык Шер-Ниязга кайрылууну сунушташкан. Дипломат суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирген, бирок жетекчиликтин уруксатысыз комментарий бере албасын айткан.

Дүйнөлүк мурас макамы эмнени берет?

Кандайдыр бир тарыхый эстеликтин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилиши адистердин айтымында, абдан чоң мааниге ээ.

Биринчиден, бул эстеликтин өзгөчө баалуулугу дүйнөлүк деңгээлде таанылганын билдирет. Мындай макам туристтерди көбүрөөк тартууга жардам берет. Бирок андан да маанилүүсү – мурастын корголушу. Өлкө объектини сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо, мыйзамдык коргоону камсыз кылуу жана ЮНЕСКОго үзгүлтүксүз отчет берип туруу милдетин алат. Эгер бул талаптар аткарылбаса, объект коркунуч алдындагы мурастар тизмесине киргизилиши же таптакыр макамынан ажырашы мүмкүн.

Мындай учурлар Борбор Азияда да болгон. Маселен, 2016-жылы Өзбекстандын Шахрисабз шаары жаңы мейманканаларды куруу үчүн тарыхый курулуштар бузула баштагандан кийин өзүнүн макамын жоготуу коркунучуна кабылган. ЮНЕСКОнун кийлигишүүсүнөн соң бийлик шаарды реконструкциялоо ишин токтоткон.

2015-жылы Шахрисабздын орто кылымдагы турак жайларынын бузулушу

Казакстанда да ушундай учур болгон. Ошол эле жылы ЮНЕСКО Улуу Жибек жолунун трансчек аралык Дүйнөлүк мурас объектисине кирген байыркы Талхиз шаарчасынын аймагы аркылуу жол куруу ишин токтотууну талап кылган. Кийинчерээк бул долбоор кайра каралып чыгып, ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык оңдолгон.

Талхиза корук аймагы аркылуу өтүүчү жолдун курулуш иштери, 2016-жылдын ноябрь айы

Өзбекстандык сүрөтчү Шухрат Бабажановдун пикиринде, Шахрисабздын тегерегиндеги окуя өлкө үчүн маанилүү сабак болду. Эл аралык көзөмөл бийлик өкүлдөрүн тарыхый мурастын айлана-чөйрөсүнө дагы кылдат мамиле кылууга мажбур кылды. Анткени тарыхый баалуулук өзүнчө эле эстеликтерде эмес, аларды курчап турган бүтүндөй чөйрөдө сакталат.

"Көйгөйдүн негизги себеби көптөгөн жергиликтүү жетекчилердин тарыхый мурастын баалуулугун толук түшүнбөгөнүндө. Алар үчүн эстелик деген мунара же мавзолей гана. Ал эми ошол эстеликтердин көркүн ачып, тарыхый жүзүн сактап турган эски көчөлөрдү, чакан дүкөндөрдү, көпүрөлөрдү жана кварталдарды керексиз нерсе катары кабыл алышат. Ошондуктан Шахрисабзда бүтүндөй тарыхый кварталдар бузулуп, айрым гана эстеликтер калтырылган. Натыйжада тарыхый чөйрөнүн ордун бетон, алюминий жана пластик басты. Дал ушундай мамиле ЮНЕСКО тарабынан катуу сынга кабылган. Менимче, бул чечим адилеттүү болгон. Шахрисабздын тагдыры Өзбекстан үчүн сабак болуп, тарыхый мурасты коргоодо келечекте мындай каталарга жол бербөөгө түрткү бериши керек", – дейт Шухрат Бабажанов.

Кыргызстандын парадоксу

Материалдык Дүйнөлүк мурас объектилеринин саны боюнча Кыргызстан чындыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат. Бирок материалдык эмес маданий мурастардын саны боюнча өлкө аймакта экинчи орунду ээлейт жана бул көрсөткүч боюнча Өзбекстандан гана артта.

Бул тизмеге боз үй жасоо салты, музыкалык өнөр, кол өнөрчүлүк, үрп-адаттар жана майрамдык жөрөлгөлөр кирет. Алардын көбү бир нече мамлекет тарабынан биргелешип сунушталган мурас элементтери болуп саналат.

Мындай мисалдардын бири – Нооруз майрамы. Бул жаздын келишин даңазалаган байыркы майрам болуп, жыл сайын 21-мартта, күн менен түн теңелген күнү белгиленет. Нооруз Борбор Азиянын жана башка көптөгөн элдердин орток маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Бишкектеги Нооруз майрамы. 21-март, 2024-жыл

Демек, маселе Кыргызстан дүйнөгө көрсөтө турган мураска ээби же жокпу деген суроодо эмес. Материалдык эмес маданий мурастар боюнча өлкө өзүнүн салттарын жана маданий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде ийгиликтүү тааныта аларын буга чейин эле далилдеген.

Бирок негизги суроо дагы эле ачык бойдон калууда: эмнеге ондогон жылдардан бери дүйнөлүк маанидеги эстеликтер деп айтылып келген айрым объектилер ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине толук кандуу кире албай келет?

Бул суроого азырынча так жооп жок. Бирок адистердин пикиринде, маселе тарыхый жана маданий мурастардын жетишсиздигинде эмес, аларды коргоо, башкаруу, эл аралык талаптарга ылайык даярдоо жана мамлекеттик деңгээлде системалуу колдоо көрсөтүү маселелеринде болушу мүмкүн.