Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнө «аба ырайынын өзгөчө жана кооптуу көрүнүштөрү» күчөгөн мезгилге киргенин билдиргенин Би-би-си жазды. Анын айтымында, буга Тынч океандагы Эл-Ниньо кубулушу жана анын дүйнөнүн бардык аймактарына таасир эткен кесепеттери себеп болууда.
Эль-Ниньо – Тынч океандагы шамалдын багытынын өзгөрүшү менен байланышкан табигый циклдүү көрүнүш. Ал дүйнө жүзүндө абанын температурасынын жогорулашына алып келет.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) жарыялаган акыркы маалыматтарга караганда, азыр байкалып жаткан Эл-Ниньо акыркы 70 жылдан ашуун убакыттагы эң күчтүү кубулуштардын бири болушу мүмкүн. Окумуштуулардын божомолунда, ал кеминде 2027-жылдын февралына чейин уланат.
Эл-Ниньо дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө аба ырайына ар башкача таасир этет. Айрым аймактарда кургакчылык күчөсө, башкаларында тайфундар, нөшөр жаан жана суу ташкындары көбөйөт. Метеорологдор бул көрүнүш глобалдык жылуулануунун таасири менен кошулуп, анын кесепеттерин дагы күчөтүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
«Эл-Ниньонун таасири көз алдыбызда күчөп жатат. Илимий маалыматтар күмөн саноого негиз бербейт: биздин планета буга чейин белгисиз болгон шарттарга туш болуп жатат жана бул “суулар” улам ысып бара жатат», – деди Гутерриш.
Адистердин баамында, Эл-Ниньо кубулушунун күчөшү менен Кыргызстанда күз айларында жаан-чачын нормадан көбүрөөк жаашы ыктымал. Климатологдор нөшөр жаандын көбөйүшү сел жана суу ташкыны коркунучун арттырарын эскертүүдө. Мындан тышкары, жаан-чачындын көбөйүшү тоодогу мөңгү көлдөрүнүн көлөмүн көбөйтүп, алардын жарылуу коркунучун күчөтүшү мүмкүн. Адистер жакынкы жылдары мындай табигый кубулуштар бир аз көбөйүшү ыктымал экенин белгилешет.