Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы (Корея республикасы) элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы 4-сентябрда кабарлады.
Ордуна жаңы элчи болуп Мэлис Мамадалиев дайындалды.
48 жаштагы Мамадалиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору кызматын аркалаган.
Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылы февралда дайындалган.
Буга чейин Жогорку Кеңеште Исмаиловага сын доомат айтылып, парламенттин тармактык комитетинде аны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылган. Элчи айым буга карата билдирүү жасап, аны каралоо аракеттери болуп жатканын билдирген.
Элчиликтин иши тууралуу маселе Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандык ондогон жарандар алдамчылыктан жабыркаганын айтып чыгышканда дагы көтөрүлгөн. (КЕ)