"Ишибиз токтоп, цех бош калды". Тигүү тармагы кептелген кейиштүү абал

Бош турган тигүү цехтеринин бири.

мазмуну

  • Эгемендиктин алгачкы жылдары талкаланып, таланып-тонолуп кеткен өндүрүштүн ичинен Кыргызстанда тигүү тармагы гана бутуна туруп келе жаткан. Соңку эки-үч жылда бул тармак дагы чоң сыноого учурады.
  • Өткөн жылы Орусия Кыргызстанда өндүрүлгөн товарга талаптарын күчөтүп, сертификат сурай баштады. Тыкыр текшерүүгө кабылган соодагерлердин товары чек арада туруп калган.
  • Ондогон тигүү цехтери жабылып, миңдеген жаран жумушсуз калган, себеби товардын эң көбү Орусияга жиберилчү.
  • Былтыркы соккудан толук калыбына келе элек тигүү тармагы эми Wildberries`теги окуя менен экинчи оор соккуга тушукту.
Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарынын бири болгон тигүү өндүрүшү кыйын абалга кептелди. Буга чейин экспорттогу тоскоолдуктар таасир этсе, быйыл Орусиядагы Wildberries кампаларына жасалган чабуулдар кыргыз ишкерлерин ири чыгымга учуратты. “Азаттык” тармактын азыркы абалынан кабар алды.

"Бардык цехте абал ушундай"

Быйыл июль айында Wildberries маркетплейсинин Орусиядагы кампаларына украин армиясы бир ай бою дээрлик күн сайын дрон менен чабуул жасап, чоң кампалары өрттөнгөнү Кыргызстандын тигүү тармагындагы ишкерлерге урулган дагы бир сокку болду окшойт.

Ишкерлер жана соодагерлер заматта товардан дагы, чоң каражаттан да кол жууп калды.

Мурда бул маалда иш кайнап турган Мээрим Самсалиеванын чакан тигүү цехи бош калганына эки айга жакындады. Ишкер бош турган жайга айына 60 миң сом ижара төлөп, буюртмага үмүттөнүп отурат:

Мээрим Самсалиева

“Биринчи укканда жаман болот экенсиң. Жаман болдум. Чын элеби деп, жанымды коёрго жер таппай калдым. Кайра-кайра жаңылыктарды чукулап, фейкпи деп. Чын экенин билгенден кийин эсептей баштайсың, кайсы кампада канча сомдук товарым бар эле деп. Бирок аны эсептеп бүтүп, кимге көрсөтөсүң? Азыр эч ким менен эч кимдин иши жок. Өзүбүздүн көйгөй менен өзүбүз отурабыз. Кимге айтабыз, кимге жалынабыз, кимден жардам сурайбыз, билбейбиз.

Мээрим отуз чакты тигүүчү иштетип, мында тигилген кийим-кечени Wildberries аркылуу сатып келген. Тапкан-ташыганын ушул багытка жумшап отуруп, маркетплейстин кампаларына жалпы 10 млн сомдук товар жиберген. Анысы дрон соккуларынан кийин өрттөнүп жок болгон. Эми болсо буюртма жок, жумушчулары кетип, ишканасы жабылуу алдында турат.

“Тигүүчүлөр мурда күндө жазып турушчу эле. Азыр үмүтү үзүлүп, жумасына бир жолу “жумуш барбы?” деп сурап коюшат. Кете турган кыздар кетти, кетмек турсун кайра келип жаткандары бар. Көп жерге барып келишти, бардык цехте абал ушундай да. Тигүү машинкелерин 45 миң сомдукту алты миң сомго сатып жатышат”, - дейт Самсалиева.

Ишкердин цехи жайгашкан имаратта мурда 18 тигүү цехи иштеп турган. Азыр анын үчөөндө гана элдир-селдир иш жүрүп жатканын айтышты. Калгандары бүт жабылып калган.

Wildberries (Вайлдбериз) - онлайн соода аянтчасы. Компаниянын сайтына катталган ишкерлер өз товарларынын сүрөт, видеолорун жайгаштырып, сатууга коёт. Аны интернет колдонуучулары буюртма кылып, сатып алат. Кыргызстандык тигүүчүлөрдүн басымдуусу Wildberries`теги дүкөндөрдүн кийим-кечелерин буюртма менен тигип берип же өздөрү өндүргөн товарды ушул сайтта сатыкка чыгарып келишкен.

"Төрт миллион сом маяна бере албай жатам"

Асел Абдыразакованын тигүү фабрикасы дагы Wildberries`те соода кылган дүкөндөрдүн кийимдерин буюртма менен тигип берчү. Компаниянын кампалары өрттөнгөндө Аселдин ири буюртмачылары да миллиондогон каражатынан кол жууган. Алар Аселдин акчасын бере албагандыктан ишкер бүгүн тигүүчүлөрүнө айлык төлөй албай отурат.

Асел Абдыразакова

“Бүгүн маяна бере албай калдык. Аны кантип айтарымды билбейм. Балким интервьюдан көрүп мени түшүнүшөт. Негизи орто эсепте төрт миллион сомдон ашык маяна таратабыз. Бул бир эки жуманын айлыгы. Бул оңой акча эмес. Төрт миллион сом акча келбей калса, мен аны эч кайсы жактан ала албайм. Карызга сурап турайын десем, мындай акча эч кимде жок. Бирок ал карызды да төлөш керек болот. Биз иштешкен буюртмачылардан акча убагында келсе мындай болмок эмес. Бирок аларга да Wildberries`тин төлөмү убагында келген эмес. Канча кампа күйүп кетти. Акча убагында келбей, эмне кыларыбызды билбей жатабыз”, - дейт Mona Miss тигүү фабрикасынын негиздөөчүсү Асел Абдыразакова.

Асел тигүү фабрикасын мындан төрт жыл мурда ачкан экен. Ал кезде бул тармакта киреше жакшы эле дейт ишкер. Алгач беш киши менен чакан бөлмөдө иштесе, азыр чоң имараттын биринчи кабатын толук ээлеп турушат. Айтымында, бардык шартты түзүп, эми гана ири буюртмаларды ала баштаганда тигүү фабрикасынын келечеги бүдөмүк болуп калды:

“Азыр кампа өрттөнгөнгө чейинки буюртмаларды тигип жатабыз. Макул, буюртма бар. Аны тиге беребиз, бирок акча убагында келбей калса ушул жумушчуларга, ушул кишилерге мен акчаны кантип төлөйм? Ошол буюртмаларга кездеме алып келгенбиз да. Буюртманы тикпей койсок, кездеме калат. Мен бул кездемелерди эмне кылам?Аларда товар дефицит болуп жатат. Аларга буюртма, товар керек. Муну жөнөтөйүн десем, кайра эле мен тобокелге салып жатам. Кездеменин акчасы мейли, жумушчулардын акчасы келсе бир жөн. Өтө чоң коркунучта турабыз. Ушунча кездеме алып. Мына, кампабыз толтура. Кытайдан түз, фуралап кездеме алып келебиз. Айла жок, кыйынчылыкта турабыз”.

Ишкер мурдагы буюртмалары үчүн Кытайдан алган тонналаган кездемесинин жарымы тигүү фабрикасында жатса, дагы жарымы жолдо келе жатканын айтат.

"Европа рыногуна кирүү оңой эмес"

Асел Европага аттанып жатканын айтты. Анын максаты - жаңы буюртмачыларды таап, тигүү фабрикасынын жабылышына жол бербөө, үмүт менен отурган жумушчуларына айлык берүү.

“Бир Орусияга карабай, башка өлкөлөргө чыгууга аракет кылып жатабыз. Бүгүн, мисалы, Польшага учуп кетип жатам. “Кыргыз экспорт” борбору жардам берип, көргөзмөгө алып бара жатат. Мамлекет деле аракет кылып жатат. Польша, Францияга жиберип жатат. Бирок ал жактан канча буюртма келет, буюртма болобу-болбойбу, белгисиз. Европа менен иштөө оңой эмес. Сертификаттар, декларациялык документтер керек. Ага биздин имараттар, фабрикаларыбыз жооп бербейт. ИСО стандартын талап кылган үчүн 95% фабрика ага өтпөйт”, - дейт Асел.

Mona Miss тигүү фабрикасынын продукциясы

Европа өлкөлөрү көбүнесе ИСО (ISO) стандартын сурашат. Анда тигүү фабрикасынын курулушуна дагы өзүнчө талаптар бар. Бирок кыргыз ишкерлеринин басымдуусу турак жай имараттарынын бош жерлерин гана ээлеп, ижара төлөп иштешет. Мындан улам азыр Европа кыргыз тигүүчүлөрүнө эшигин ачарына анчейин ишенбей турушканын маектешибиз Асел айтууда:

“ИСО 90-01 деген стандарты бар. Тигүү фабрикасынын шыптары минимум төрт метр бийиктикте болушу керек. Европадагы жакшы бренддер менен иштешем десең, Кытайдан келген жабдыктар жарабайт. Италия, Германия же Жапониядан чыккан машине менен тигишибиз керек. Ал өтө кымбат, бир эле машинке кеминде 800 доллар турат. Былтыр Парижге барганбыз. Мамлекет аракет кылып, диверсификация кылып жатат. Бирок ал жактан чоң буюртмалар түшкөн эмес. Мисалы, кошунабыз Өзбекстан Европа менен иштешип жатканына көп жыл болду. Аларга ошондой инвестиция салышты. Мамлекет ошондой фабрикаларды куруп берсе, жардам берсе, жеңилдетилген насыяларды берсе, бизге гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанга жакшы болмок”.

"Баары жумушу жок калды"

Аида Бектеналы кызы тигүүчүлүккө апасынын арты менен 16 жашында келген. Беш балалуу болгончо келин тигүүчүлүк кылса, жолдошу үтүкчү болуп иштечү. Өнөр жайдагы былтыркы кризисте күйөөсү жумушсуз калса, быйыл келин өзү дагы ишсиз отуруп калды.

Аида Бектеналы кызы

“Былтыр чек ара жабылган учурдан башталды. Жолдошум ал кезде үтүктө иштечү. Алардын беш-алты жылдан бери токтобой иштеген цехи да жабылып калды. Мен ошондон баштап кышка чейин жумушу жок отурдум. Кыштан тартып издеп отуруп, жазында жумушка кирдим. Мурдагы цехте 40-45 кыз иштечүбүз. Баары жумушу жок калды. Жумуш тапканы таап, дагы деле иштебей отургандары бар. Жолдошум иштеген цех да жабылды дебедимби. Ал жерде 15тей эркек бала, 20дан ашык кыз бар эле, жумушсуз калышты. Шаардагы цехте жакындан бери 25тей киши иши жок жүрөбүз”.

Аида кесиптик билим алган эмес, 20 жылдан бери тигүүчүлүк менен гана жан багып келген. Эми студент баласын, чиедей чүрпөлөрүн кайсы каражаттан кийинтип-ичинтерин билбей, мукурап турат.

“Беш балам бар. Улуу балам студент. Эки балам мектепте, эки балам бала бакчада. Ар бир баланын сезондук кийими бар. Мына, сентябрь келе жатат, аларды кийинтиш керек. Кредит төлөйбүз. Батирге төлөйбүз. Ошол жумуш менен акча таап жатканбыз. Азыр тамак-ашты да таба албай калышыбыз мүмкүн. Эми кандай болот? Бизде запаста акчабыз жок. Балдарыбызга эмне тамак беребиз? Кантип кийинтебиз?”, - деп суроо салат Аида.

"Насыяларыбызга каникул берсе жакшы болмок"

Каармандардын ар биринин банктан алган насыясы бар экен. Алар тигүү фабрикасын андан ары өнүктүрүүгө бел байлап, ири суммаларды ишканасына киргизген.

Эми Асел мамлекеттен пайызсыз алган 95 млн сом кредитин кантип төгөрүн ойлосо, Мээримге 6 млн сомдук насыясы тынчтык бербей жатат. “Анткени насыяны бир күн кечиктирсек үстүнө 15% кошулат” деп айтышты.

Мындан улам өкмөт ишкерлердин банктан алган насыяларына каникул берсе деп үмүттөнүп турушканын жашырышкан жок.

“Wildberries 5 млн сом товары өрттөнгөн таанышыма 45 миң рубль компенсация төлөп берди. Бул эмне деген акча? Бул жөн гана жооткотуу да. Менин банкка 6 млн сом карызым бар. Аны кантип төлөйм? Жок дегенде бир жылга чейин каникул берсе, андан ары иштеп кетет элек”, - дейт Мээрим Самсалиева.

Wildberries маркетплейсинин негиздөөчүлөрүнүн бири Татьяна Ким Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден 10 миңдеген ишкер миллиарддаган зыянга учураганын ырастады. Компаниянын жетекчилиги Казакстан, Кыргызстандын министрликтери жана ишкерлер ассоциациялары менен жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган сатуучуларга кенемте төлөнө баштаганын жарыялады. Зыяндын көлөмү толук саналгандан кийин кенемтени эсептеп чыгуунун тартиби сунушталарын билдиришти.

Дагы караңыз

Дрондон коргоно албаган ишканалар мамлекеттик башкарууга өтөт. Путиндин жаңы жарлыгы

Ал эми Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries жана тармактык бизнес-ассоциациялар менен биргеликте жумуш тобу түзүлгөнүн билдирди.

"Анын алкагында кыргызстандык ишкерлердин компенсация, төлөмдөр, логистика жана аман калган товарларды кампалардан алып чыгуу боюнча кайрылуулары катталып, аталган багытта тиешелүү жумуштар жасалууда. Жолугушуулардын жыйынтыгында ишкерлерге өздөрүнүн жагдайларын жумуш тобу аркылуу мүмкүн болушунча эртерээк каттатуу зарылдыгы айтылды. Кийинки компенсациялардын даректүүлүгү кайрылуулардын санына жана сапатына жараша болот. Wildberries сатуучуларды колдоо үчүн төлөмдөрдүн эки этабын жүргүзгөнүн билдирди. Учурда компания кампалардагы товарлардын калдыктарын инвентаризациялап, кийинки төлөмдөрдүн бирдиктүү механизмин иштеп чыгууда. Негизги максат - Wildberries менен иштөөнү токтотуу эмес, бир гана сатуу аянтчасына болгон көз карандылыкты азайтуу, туруктуу логистиканы түзүү жана кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн жаңы экспорттук рынокторду ачуу”, - деп маалымдады министрликтин маалымат кызматы.

Министрлик мындан тышкары тигүү тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн ушул жылдын 1-августунан жыл аягына чейин бирдиктүү салыктын нөлдүк чени каралганын маалымдады.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” бир ай мурда ишкерлер камсыздандыруу механизмдерин колдонушу керектигин айткан:

Данияр Амангелдиев

“Негизинен Wildberries менен биздин тыгыз мамилебиз бар. Жыл башында биздин тигүүчүлөрдүн көйгөйлөрү жаралган. Кийин ишкерлердин маселесин чечип бергенбиз. Болуп өткөн окуя тууралуу бизге кандайдыр бир кайрылуулар болгон эмес. Жыл башынан бери маркетплейсте иштеген же тигүү тармагында жүргөн ишкерлерге пайызсыз насыяларды бергенбиз. Мындан тышкары орто жана чакан бизнеске 6% менен колдоо көрсөтүлдү. Азыр бул окуядан жабыркаган ишкерлердин чыгымын эсептеп чыгуу бизге кыйынга турат. Биз жеңилдетилген насыялардын алкагында аларга азыр да жардам көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары ишкерлер камсыздандыруу механизмдерин да кеңири колдонушу керек. Бизге кандайдыр бир кайрылуулар болсо карап чыгып, компания менен сүйлөшкөнгө даярбыз. Мындайда Wildberries компаниясынын камсыздандыруусу бар же жогун да карап чыгуу керек. Эгерде бар болсо, ошол төлөмдөрдүн алкагында биздин ишкерлердин чыгымдарын кайтарып берүү боюнча маселесин карасак болот”.

“Кыргыз өкмөтү тигүү фабрикаларын курууга жардам берсе…”

“Ду Кастомс” тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү фабриканын директору Аскатбек Мажитовдун айтымында, Кыргызстанда Европа рыногуна чыга ала турган фабрикаларды куруу үчүн өкмөттүк деңгээлде жардам керек.

Аскатбек Мажитов

“Европага чыкса болот. Бирок биз орус рыногун беш-он жылда гана өздөштүрдүк. Европа биз бара калса эле кулачын жайып, тосуп албайт. Ал жакта бизден сапаттуу, бизден артык тиккен Индия, Бангладеш бар. Алар товарын деңиз менен жеткирет. Атаандаштык оңой эмес. Ошол эле учурда, кыргыз өкмөтү колунан келгенин жасап эле жатат. Мисалы, салыкты аябай түшүрдү. Дээрлик 0,25% деп коёт, бул нөлгө тете. Соцфондго пайдадан түшкөн салыкты да түшүрдү. Ал тургай нөл пайыз менен кредит берип жатат. Мамлекет ийинин куушуп отурган жок. Көрүп отурабыз, ыраазыбыз. Бирок андан тышкары, жер жана имарат алганга, коммуникацияга туташтырганга активдүү жардам берсе жакшы болмок. Рынокту мамлекеттик деңгээлде чечип койсо, калганын ишкерлер өздөрү эле өздөштүрөт. Убакыт, мээнет кетет, бирок жолго салып алышат. Маселен, Өзбекстан тигүүчүлөрдү, ишкерлерди кулач жайып, тосуп алып жатат. Чоң мүмкүнчүлүк берип жатат. Акимчилик келип эле газ, суусун өздөрү эле туташтырып беришет. “Мына, ачкычың, эми иштете бер” деп кетет. Кыргызстандан Өзбекстанга иштегени кеткен ишкерлер болуп жатат. Анткени бизде болсо анын баарын ишкер өзү жалгыз жасайт”, - деди Мажитов.

Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдагы статистикасына ылайык, Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында 150 миңден ашык киши эмгектенет. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны жарым миллионго жакын экени айтылган.

Дагы караңыз

Зеленский Орусияны "боздото тургандай" санкция салууга чакырды

Ал эми Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана, 3 миңдей жеке ишкер бар экенин маалымдаган. Расмий эмес эсепте бул тармактагы ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңдей экени айтылып келет.

Орус медиалары жазгандай, Wildberries дрон чабуулдарынан 280 млрд рубль чыгым тартты. Учурда маркетплейс кенемтени кандай суммада, качан төлөп берери белгисиз бойдон калууда.

Ошол эле учурда бул компания аркылуу тиричилик кылган канча кыргызстандык ишкер жумушсуз калганы беймаалым. Кыргызстанда эң чоң тармак катары белгиленген жеңил өнөр жай ушул кризистен чыгып кете алабы же жокпу - убакыттын таразасында кала берүүдө.