VI Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда медициналык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Акыркы аптада Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборуна 1559 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 146 адам бейтапкана жаткырылган. Кайрылгандардын 50сү Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана ага келген коноктор.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жергиликтүү дарыгерлерге өлкөнүн башка аймактарынан келген дарыгерлер көмөктөшүүдө.
Беттештер өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана көчмө госпиталь уюштурулганы, жалпы 600дөй дарыгер иштеп жатканы кабарланган.
Быйыл Кыргызстанда VI Көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында (Кырчын жайлоосунда, Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында) өтүп жатат. (ZКo)
Кырчында дарыгерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат
Наристени текшерип жаткан дарыгерлер. Кырчын. Көчмөндөр оюндары. 4-сентябрь, 2026-жыл.