Бишкектеги жаңы Батыш автобекети пайдаланууга ушул айда берилет

Жаңы автобекет. Бишкек. 4-сентябрь, 2026-жыл. (видеодон скриншот)

Бишкектин батыш тарабына курулуп жаткан жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет. Анын расмий ачылышы өткөрүлөт. Бул тууралуу 4-сентябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышып барганда айтылды.

Иш башкармалыктын маалыматына караганда, жаңы автобекеттин курулушу 95 пайыз бүтүп калды. Ички жасалгалоо иштери толук аяктап, асфальт төшөө жана инфраструктураны көрктөндүрүү иштери гана калды. Жарандар үчүн зарыл болгон ыңгайлуу шарттар каралганы, соода түйүндөрү, аялдамалар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулары маалымдалды.

Имараттын жалпы аянты 30 миң чарчы метр, ал эми автобекет салынган жер тилкесинин жалпы аянты 16 гектар.

2024-жылы Бишкек шаарынын батыш жана чыгыш тарабында жайгашкан эки автобекеттин иши токтотулган. Чыгыш автобекети Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишине курулган жаңы автобекетке көчүрүлгөн. Батыш автобекетинен кетүүчү автобус жана башка унааларга шаар четиндеги унаа базары тараптан жер бөлүнүп, убактылуу шарттар түзүлгөн.

Эки автобекетке жүргүнчүлөр жетүүсү үчүн атайын автобус каттамдары ачылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кырчында дарыгерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат"Ишибиз токтоп, цех бош калды". Тигүү тармагы кептелген кейиштүү абалЧолпон-Атада "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталдыДүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинада үч кампасы жок кылынганын билдирди