Австрия, Германия, Грекия, Дания жана Нидерланд бийликтери Евробиримдиктен тышкары аймакта мигранттарды кармоочу борборлордун бирдиктүү үлгүсүн түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Копенгагенде өткөн беш өлкөнүн министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына таянып Associated Press (AP) агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, биринчи борборлор 2027-жылы Евробиримдиктен башкалка сураган өтүнүчү четке кагылган мигранттарды кабыл алышы мүмкүн. Учурда бул боюнча Африка өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай борборлордун ишине Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты мониторинг жүргүзөрү күтүлүүдө.
Даниянын иммиграция жана интеграция министри Мортин Бедсков Европа өлкөлөрүндө башпаанек берүү өтүнүчү четке кагылган мигранттар үчүн "артка кайтаруу борборлорун" түзүү чечими жалпы европалык миграция жана башпаанек берүү системасын "түп тамырынан өзгөртүүгө" жол ачарын айтты.
Укук коргоочулар бул чечимди сынга алып, мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялагандан кийин алардын укуктары камсыздалышы күмөн экенин айтууда.
Февраль айында Европарламент Евробиримдиктин башпаанек берүү жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизген. Депутаттар "коопсуз үчүнчү өлкө" түшүнүгүнүн жаңы шарттарын бекитишкен. Бул - башпаанек сураган адамдын мекени болбогон, бирок ага коргоо бере ала турган мамлекет. Бирок башкалка сураган адам мындай "коопсуз өлкөнү" Евробиримдикке баратып, кесип өткөн болсо, анда Европа өлкөлөрү анын башкалка сураган арызын карабай коюуга укуктуу.
"Коопсуз өлкөлөрдүн" катарына буга чейин Бангладеш, Колумбия, Египет, Косово, Индия, Марокко жана Тунис, ошондой эле Евробиримдикке мүчө болууга талапкер - Грузия, Түркия жана Сербия киргизилген.
Бирок "коопсуз өлкөлөрдүн" акыркы тизмеси азырынча бекитиле элек. Евробиримдиктин ар бир өлкөсү мындай мамлекеттердин тизмесин өз алдынча аныктоо укугуна ээ болот.
"Эхо" басылмасы жазгандай, Германиянын бийлиги буга чейин эле орусиялык ЛГБТ өкүлдөрүн жана согушка каршы активисттерди, Кремль "кара тизмеге" киргизген уюмдарга акча которгондорду, дезертирлерди жана мекенинде эркинен ажыратылуу коркунучу бар адамдарды Белград же Ереван аркылуу депортациялай баштаган.
Жалпысынан Германия 2025-жылы ар кайсы өлкөлөргө 22 787 адамды депортациялаган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 13,5 пайызга көп. Алардын ичинен 2 297 адам Түркияга жөнөтүлгөн. 2024-жылы Түркияга 1 087 адам депортацияланган.
Экинчи орунда Грузия, ал жакка 1 690 адам депортацияланган. Алардын арасында 2019-жылы Берлинде өлтүрүлгөн чечен талаа командири Зелимхан Хангошвилинин агасынын үй-бүлөсү да бар. Хангошвилинин өлтүрүлүшүнө айыпталган Вадим Красиковду Орусия бийлиги саясий туткундарга алмашкан.
Мындан тышкары, 83 адам Ооганстанга, 18 адам Иранга чыгарылган. Ошондой эле Германия 2011-жылдан бери биринчи жолу Сириянын жаранын депортациялаган.