ДКО: Кыргызстан көкпардан Казакстанды жеңип, чемпион болду

Улакчы Манас Ниязов. Дене тарбия жана спорт агенттиги тараткан сүрөт.

Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көкпар оюну боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы казакстандык улакчыларды жеңип, чемпион болду. Финалдык беттештин 1-мүнөтүндө кыргызстандык Дастан Русланов алгачкы салымды салып, эсепти ачты.

Оюндун 7-мүнөтүндө жергиликтүү оюнчу Дастан Сагынбек уулу казакстандык Курманбек Турганбекти ат менен сүзүп, ал жерге кулап түштү.

Мындан улам оюн убактылуу токтотулуп, казакстандык улакчыга медициналык жардам көрсөтүлгөн соң оюнга кайтты. Ал эми Сагынбек уулу эки мүнөттүк жаза мамыга чыгарылды.

Ошол учурда Курманбек Турганбек алгачкы салымды салып, эсепти теңеди. Кийин Манас Ниязов менен Дастан Русланов бирден салым менен эсепти 3:1 кылган. Кийин казакстандык Ынтымак Алипбаев бир салым салса, оюндун биринчи бөлүгү аяктар алдында Өмүрбек Эсен уулу эсепти өзгөрттү.

Ошентип оюндун биринчи бөлүгү 4:2 эсеби менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктүн башталышында кыргызстандык улакчылардын бир салымын жокко чыгарып, мындай чечимге акыркы чабуулда калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле оюнду баштап жиберишкени себеп болгону айтылды.

Экинчи 20 мүнөттүктө кыргызстандык улакчылар Исхак Бекболот уулу эки, Дастан Русланов, Манас Ниязов бирден салым салып, 7:2 менен Кыргызстандын улуттук курама командасы жеңүүчү болду.

Мунун алдында Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары көк бөрүдөн да финалдык оюн өткөрүп, кыргызстандык улакчылар 12:0 эсеби менен жеңген.

Алтынчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда өтүп жатат. 31-августта расмий ачылышы Бишкек шаарындагы жаңы ачылган "Бишкек арена" стадионунда өтүп, калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уланууда. Оюндарга катышуу үчүн 106 өлкөдөн оюнчулар келген. 6-сентябрда 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий жабылышы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.

Дагы караңыз

Трамптын өкүлдөрү Уиткофф жана Кушнердин Путин менен сүйлөшүүсү үч саатка созулдуАКШ Ирандын үч кемесине "жооп катары" сокку урганын билдирдиДКО: Кыргызстан көк бөрүдөн Казакстанды утуп, чемпион болдуТрамптын эки чабарманы Москвада Путин менен жолукту