Бишкек мэриясы эл аралык иш-чараларды уюштурууга кеткен чыгымдарга аудит өткөрөт

Бишкек мэриясынын жыйыны. 7-сентябрь, 2026

Бишкек шаарынын мэриясында борбор калаада өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы милдеттер талкууланды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүүнүн алкагында коюлган негизги талаптар менен милдеттер сапаттуу аткарылганы белгиленди.

Калаа башчысы жолдорду жана тротуарларды оңдоо, имараттардын фасаддарын жаңылоо, жашылдандыруу, көчөлөрдү көрктөндүрүү жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган башка иштер мындан ары да улантылышы керектигин баса белгиледи. Мэр бул иштерге бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн ар бир объект боюнча чыгымдарга аудит жүргүзүп, талдоо жасоону тапшырды.

"Ар бир объектти жана ар бир чыгымды текшерүү зарыл. Иштердин наркын негизсиз жогорулатууга жол берилбейт. Бардык иштер негиздүү болуп, мыйзам талаптарына жооп берүүгө тийиш. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш", - деди Жунушалиев.

51 миң орундуу "Бишкек Арена" стадионунда 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.

Ал эми Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын мааракелик жыйыны 1-сентябрда өттү. Ага уюмга мүчө 10 мамлекеттин башчылары, өнөктөш жана байкоочу өлкөлөрдүн президенттери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. (КЕ)

Дагы караңыз

Алагөзов "Бишкек Аренаны" курууга 386 млн доллар сарпталганын билдирдиУкраинанын башкы прокурору Кравченко кызматтан кетүүгө арыз бердиФинляндия Орусия менен чек арасына 200 чакырымдык тосмо курдуКиев баллистикалык ракета жана реактивдүү дрон менен аткыланды