Финляндиянын Чек ара кызматы Орусия менен чек арасына 200 чакырымдык тосмо курулуп бүткөнүн кабарлады. Курулуш иштери үч жарым жылга созулуп, ага 356 миллион евро сарпталган. Аны тейлөөгө жыл сайын 1,5 миллион евро керектелет.
Финляндиянын Yle медиа корпорациясынын маалыматына караганда, чек ара темир тор тосмо менен тосулуп, арык, чек араны бойлой өткөн жол, бак-дараксыз тилке жана видеобайкоо камералары, прожекторлор менен үн күчөткүчтөрдү камтыган техникалык көзөмөл тутуму орнотулган. Ал Финляндиянын 17 муниципалитети аркылуу өтөт. Курулуш миңге жакын жер ээсинин тилкесине таасирин тийгизген. Мамлекет аларга жалпысынан үч миллион еврого жакын компенсация төлөп берген.
Чек ара тосмолору мыйзамсыз миграция агымынын алдын алуу максатында курулган. Орусия менен чектеш аймактарды тосуу чечимин Финляндиянын парламенти 2022-жылы, Орусия аркылуу Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн мигранттардын агымы күчөгөн маалда кабыл алган. 2023-жылы Финляндия Орусия менен бардык чек ара пункттарын жапкан.
Өлкөнүн ички иштер министри Мари Рантанен 7-сентябрда чек ара тосмолорун куруу иштери дагы улантылышы мүмкүн экенин билдирди. Ал жакын арада Орусия менен чек араны ачуу планы жок экенин кошумчалады.
Шерине