Дүйшөмбү шаарындагы «Истиклол» аянтында Тажикстандын эгемендигинин 35 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Ага президент Эмомали Рахмон катышканын анын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, парадга 27 миң адам чыкты. Алардын арасында Куралдуу күчтөрдүн офицерлери менен жоокерлери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, мобилизациялык резервдеги аскерлер, аял аскер кызматкерлери жана күч органдарынын ардагерлери бар.
Тажикстан эгемендигинин 35 жылдыгын 9-сентябрда белгилейт. Жакынкы күндөрү өлкөдө бул датага арналган дагы бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Майрамга кеңири даярдык жай айларында, күн ысып турган маалда эле башталган. Жергиликтүү жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери бир нече саатка созулган жүрүш даярдыктарына тартылып жатканын айтып чыгышкан. Машыгуулардан улам айрым университеттерде окуу графиги өзгөртүлгөн.
Жүрүшкө катышкандар күндүн ысыгына, суунун жетишсиздигине жана акчалай кенемтенин берилбегенине нааразы болушкан.
Тажикстандын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Хомид Хошимзода мындай жүрүштөр студенттерди мекенчилдикке тарбиялай турганын, ага катышуу жаштар үчүн сыймык экенин билдирген.
Анын айтымында, Дүйшөмбүдөгү даярдыктарга тогуз миң студент, тактап айтканда борбордогу студенттердин 7,4% тартылган. Ушундан улам жайкы сессия сентябрга жылдырылган. Расмий өкүл студенттерге транспорт, тамак-аш жана суу берилип, мэриядан ай сайын миң сомониден стипендия алып жатканын айткан.
Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлерди жана студенттерди массалык иш-чараларга тартуу тажрыйбасы эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келет. Алар муну күчтөп иштетүүнүн жана эксплуатациянын бир түрү катары баалашат. Ал эми бийлик мындай иш-чараларды жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо үчүн зарыл деп эсептейт.
Шерине