Кыргызстан PISA сынагында 11 позицияга жогорулады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 8-сентябрда, Словакиянын Братислава шаарында PISA-2025 сынагынын жыйынтыгы жарыяланды. Ага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү дагы катышты.

PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө 91 өлкө катышып, жалпысынан 762 миңге жакын окуучу камтылды. Кыргызстан бул изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, биринчи жолу компьютердик форматта сынак тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалды. Мындан тышкары, моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү бааланды. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, мурунку сынактарда Кыргызстан акыркы орунда болсо, PISA-2025тин жыйынтыгы боюнча 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады.

"Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан кийин Косово, Гватемала, Ливан, Замбия, Марокко, Кения, Ирактын Күрдстан аймагы, Руанда турат. Математика жана табигый илимдер боюнча биринчиликти Кытай, окуу боюнча Сингапур алган.

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Ал алган билимин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын үч жылда бир жолу баалап турат. Изилдөө функционалдык сабаттуулукту, ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат.

Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орунду алгандан кийин катышпай келаткан.

PISA-2025 тестирлөөсүнө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Түркмөнстан чет жакта билим алган жаштарды өлкөдөн чыгарбай жататЖМК: Кытай Орусияга дрон жасоого тонналаган материал жеткирген болушу мүмкүнЖК комитети жаңы министрлерди дайындоого макулдук бердиМинистрлер кабинети эт рыногу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды