Камактагы активист Мавлян Аскарбеков ишин тез жана акыйкат кароону өтүндү

Мавлян Аскарбеков Ленин райондук сотунда. 2026-жылдын 9-сентябры

Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкектин Ленин райондук сотунда активист Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурум башталды.

Сот отурумуна катышкан "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, бул жолу Аскарбековдун айткандарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн Юстиция министрлигинин эксперти Нурлан Сакпаев өзүнүн чечимин түшүндүрүп бериши керек эле. Бирок эксперт келбей калгандыктан отурум 16-сентябрга жылдырылды.

Судья Темирбек Маматовдун мындай чечиминен кийин Аскарбеков сөз сүйлөп, ишти кароо создугуп кеткенин айтты.

“Тергөө иштери бүтүп, иш сотко өткөрүлүп берилгенине эки айга чукулдап калды. Акыркы сот болгонуна эки жумадан ашты. Бул иш боюнча эч кандай жабырлануучу, күбө же 75 аксакал жок. Ошондуктан, мүмкүн болсо, ишти тез карап, мыйзамдуу, калыс чечим чыгарып берсеңиз”, - деди судьяга кайрылган Аскарбеков.

Ал тапта бир тууган иниси Бакыт Аскарбеков отурумдан кийин журналисттердин суроосуна учкай жооп берип, Мавлян Аскарбеков өлкөдө болуп жаткан саясий процесстер боюнча пикирин ачык билдирип келгенин, эч кандай улут аралык кастыкты козутуу максатын көздөбөгөнүн айтты.

Райондук сотто 20-августта алгачкы соттук угуу өткөн. Анда Аскарбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке кагылган.

Жактоочу Эрик Ирискулбековдун айтымында, Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (КЕ/KS)

Дагы караңыз

Венгрия Орусиянын 10 дипломатын өлкөдөн чыгаруудаЖети айда ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1% түзгөнү айтылдыЖогорку Кеңеште жаңы министрлер ант бердиКремль Путин Трамп менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди