9-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын Одесса облусундагы Молдова менен чектешкен «Староказаче» эл аралык автоунаа өткөрмө бекетине сокку урду. Чабуулдан эки адам каза болуп, дагы үч киши жараат алды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, өткөрмө бекеттин имараттары жабыркап, автобустар, жүк ташуучу жана жеңил машиналар талкаланды. Катуу өрт чыгып, куткаруучулар 16 адамды эвакуациялап, коопсуз жерге жеткиришти. Чабуул маалында бир дрон түздөн-түз өткөрмө бекетке тийип, дагы экөө анын аймагына жакын жерге кулаган. Ушундан улам Молдова менен Украинаны байланыштырган «Тудора – Староказаче» өткөрмө бекетинин иши убактылуу токтотулду.
Өткөн түнү ошондой эле Киев да кайрадан соккуга кабылды. Украин бийлиги борбор калаада бир нече жерде өрт чыкканын билдирди. 8-сентябрдагы чабуулдан беш адам каза болуп, 35 адам жараат алган.
Украин президенти Владимир Зеленский анда көп кабаттуу кеминде 14 үй жана башка жарандык объектилер зыянга учураганын билдирген.
Түндө Николаев шаары да жапырт чабуулга туш болду. Облустук аскердик администрациянын маалыматына караганда, шаар жана анын аймагына каршы дрондор, ракеталар жана башкарылуучу авиабомбалар колдонулду. 70 жаштагы аял каза болуп, дагы беш адам жараат алды. Алардын арасында 15 жаштагы өспүрүм бар экени кабарланды.
Соккулардан транспорттук жана порттук инфраструктура объектилери, соода борбору, почта терминалы, кафе, эки жеке турак үй жана төрт жүк ташуучу унаа талкаланды.
9-сентябрга караган түнү Орусиянын дрон чабуулдары Харьков менен Днепр шаарларында да катталды. Харьковдун мэри Игорь Тереховдун айтымында, дрондор көп кабаттуу турак үйгө жана кампалардын бирине тийип, өрт чыккан. Ал эми Днепрде курулуш материалдары сакталган кампада жана жеке үйдө өрт чыгып, куткаруучулар жабыркаган үйдүн жертөлөсүнөн үч адамды алып чыгышкан.
Украин бийлиги акыркы чабуулдар негизинен жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенин билдирүүдө.