"Кемпир-Абад иши" боюнча камалып, кийин сотто акталып чыккан укук коргоочу Тимур Махмудов социалдык тармакка жарыялаган видеосу үчүн милицияга чакырылганын "Азаттыкка" билдирди. Ал Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмүнө чакырылып, сүйлөшүүдөн кийин видеосун өчүргөн.
Мурдараак ал насыя алганын, бирок банк үй-мүлкүн тартып алып жатканын, сотто адилеттүүлүк болбой, жашоо кыйын болуп жатканын айтып президентке видео кайрылуу жасаган. Махмудов сот реформасы ишке ашпаганын белгилеген.
"Сиздин айтканыңызды жогорку жактарга жеткирип беребиз, жазыңыз дешти. Эртең-бүрсүгүнү соттун чечимин алам. Мага 10-бөлүмдүн кызматкерлери келип, ИИМге чакырып жатышат дешти, барып келдим", - деди Махмудов.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Махмудов айткан жагдай боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
27-мартта Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандарды актаган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту 27 кишинин 22син актаган. Прокуратура каршы чыгып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот 21 кишини актаган. Активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамлай болгон. Аты аталган айрымдардын иши өзүнчө бөлүнүп каралган. (КЕ)
"Кемпирабадчы" Тимур Махмудов ИИМге чакырылгандан кийин соцтармактагы видеосун өчүрдү
Укук коргоочу Тимур Махмудов жарыялаган видеодон алынган кадр.