Орусиянын дрон чабуулунан Украинада эки жайкын тургун каза болду

Украина. Орусиянын кезектеги соккусунан кийинки куткаруу иштери.

Орусиянын Украинага кезектеги дрон чабуулдарынан Хмельницкий, Кривой Рог жана Сумы шаарларында ондогон адамдар жабыркады.

Хмельницкий облусунда дрондун соккусунан кийин шаардагы базарлардын биринде өрт чыкты. Облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Тюриндин маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү бутага алынган объектти атып түшүргөндөн кийин анын сыныктары жерге кулап, өрт тутанган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар баргандан кийин кайрадан жарылуу болгон. Натыйжада төрт куткаруучу ар кандай деңгээлдеги жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Ал эми Кривой Рог шаарында орус дрондору шаардагы эки райондогу беш объектке сокку урду. Шаардын Коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкулдун айтымында, көп кабаттуу жана жеке турак жайлар, билим берүү, маданият жана бизнес мекемелери зыянга учурады.

Чабуулдан кеминде эки киши жаракат алды. Алардын бири оор, экинчиси орточо оор абалда экени кабарланды. Учурда тутанган өрттөрдү өчүрүү иштери уланууда.

Сумы шаарында болсо соода жана көңүл ачуу борборуна урулган соккудан эки адам каза болду. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров курман болгондор 21 жаштагы жигит менен кыз экенин билдирди. Буга чейин айтылган үчүнчү адамдын өлүмү тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сумыдагы чабуулдан 20 адам жабыркады. Алардын ичинен эки эркек жана бир аял оор абалда болсо, дагы бир аялдын абалы өтө оор деп бааланууда. Жарадарлар арасында 15-16 жаштагы үч кыз бар.

Дагы караңыз

"Жаратман" жана "сыймык". Ардагер Акматов, химик Сартбаева, сүрөтчү Айтиев алган сыйлык Милиция Сокулукта өспүрүм кыз ур-токмокко алынды деген маалыматты текшерүүдө"Бөлүп-жарууга аракет кылгандар бар". Президент кимдерди айыптады? Журналист Махабат Тажибек кызы сотто сурак берүүдөн баш тартты