Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Милиция Сокулукта өспүрүм кыз ур-токмокко алынды деген маалыматты текшерүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясы Сокулукта жашы жете элек кыз ур-токмокко алынды деген маалымат текшерилип жатканын 9-сентябрда кабарлады. Милиция бул фактыны каттап, окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизаларды дайындады. Тергөөгө зарыл болгон ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өспүрүмгө ким зомбулук көрсөткөнү жана кыздын абалы туурасында маалымат айтылган эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыш саны өсүүдө. 2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды, анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган. Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG