Мамлекет башчынын мындай риторикасын буга чейинки билдирүүлөрүнөн да табууга болот. Эксперттер буга шайлоо процессинин жакындашы да себеп экенин белгилеп, туура эмес маалымат берилип жатса, ага конструктивдүү жооп болушу керектигин айтууда.
9-сентябрда парламентте жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, каржы министри Руслан Сүйүналиев, энергетика министри Алтынбек Рысбеков, атайын кызматтын башчысы Максат Асаналиев, юстиция министри Алмаз Айылчиев жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев ант беришти.
Ант берүү иш-чарасына катышкан президент Садыр Жапаров соңку күндөрү Кыргызстанда өткөн ири иш-чаралар тууралуу маалымат берип, аягында коомчулукка кайрылды.
“Айрыкча коомдук таасири бар адамдар – мамлекеттик, саясий ишмерлер, айрым депутаттар, эксперттер, коомдук лидерлер, журналисттер жана блогерлер ар бир айтылган сөздүн артында коом алдындагы жоопкерчилик турарын унутпашы керек. Элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол бербешибиз керек. Бүгүнкү күндө интернеттин заманы күч алган маалда маалыматтарды иргебей, алардын кийинки кесепеттерин эске албай жайылтуу кадимки көрүнүшкө айланып жатканы өкүндүрөт. Кой аксагы менен миң дейбиз, "котур ташын койнуна катып алып", жакшы иштерден да кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли”.
Президент буга чейин дагы парламентте депутаттарды ынтымакка чакырганы бар. Августтун аягында ачылган “Ырыс ордо” жыйын залынын ачылышына да ар кыл көз караштагы саясатчыларды чакырганын айтып, аларды өлкөнүн келечеги үчүн бөлүнүп жарылуудан алыстоого чакырган жана биригүү тууралуу кеп кылган.
Айрым саясатчылар президенттин соңку риторикасын алдыдагы шайлоо процессине байланыштырууда. Саясатчы Бектур Асанов буларга токтолду:
“Конкреттүү бир туруксуздук чыгарам деген күч болсо, аны факты менен жоопкерчиликке тартыш керек. Жоопкерчиликке тартуу ынанымдуу болушу керек. Эгер атаандаштарды чочутуп коём деген мааниде айткан болсо, ал анчалык максатына жетпейт. Бүгүнкү күндө коомдо же саясатчыларды коркутуп, оозун басып коёюн деген кайрылуу болбошу керек. Менин оюмча, бүгүн корккондор коркуп бүттү, коркпогондор коркпойт. Шайлоонун алдында пикирлер ачык айтылат. Ар кандай көз караштагы, пикирдеги кишилер, саясий топтор шайлоого даярданып жатат, биз муну ачык эле билебиз. Шайлоо ачык, так болушу керек”.
Садыр Жапаров августтун соңунда Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасынын ачылышында да коомчулукту чет өлкөдө жүрүп бийликти сындагандарга ишенбөөгө чакырган. Анын алдында чет жакта жүргөн ишкер Сыргак Кенжебаевдин, “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн бийликти сындаган билдирүүлөрү чыгып жаткан. Чет жакта жашап жаткан эколог Самат Кушбек да бийликтин ишин сындап келатат.
Талдоочулар Кыргызстанда соңку жылдары коомдук маселелерди көтөрүп, бийликке сын айткандарга оор беренелер менен иш козголуп, сот жообуна тартылган учурларга токтолуп, мындай ыкмалар бийликке аброй алып келбей турганын белгилешет.
Юрист Нурбек Токтакунов сын айткандарга туура маалымат берүү менен жооп болушу керек деген пикирде:
“Төңкөрүш кылабыз деген кишилер социалдык тармактар аркылуу сын-пикир айтпайт. Алар ресурс чогултуп, акырындан даярдык кылып жүрөт. Баары жакшы болуп жатса, эмне үчүн туура эмес же калп айткан сөздөрдөн коркот? Эгер кимдир бирөө калп айтып жаткан болсо, маалымат каражаттарын колдонуп аны төгүндөшү керек. “Ушундай маалымат чыгып атат, бирок туурасы мындай” деп билдирип турушу керек. Эгер күч органдарын колдонуп күрөшүп жатса, өзүнө ишенбеген бийлик”.
Президент июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн.
Шайлоонун датасын Жогорку Кеңеш 16-17-сентябрларда белгилей турганы күтүлүүдө.
Жапаров экинчи мөөнөткө барууга ат салыша турганын ырастаган. Саясий өнөктүк жакындаган сайын коомчулукта ал канчалык атаандаштык шартта өтөт деген суроо козголо баштады.
Шерине