Украинанын учкучсуз учактары 10-сентябрга караган түнү Орусиянын бир нече аймагына, анын ичинде Дагестанга, Воронеж облусуна жана Краснодар крайына чабуул жасады.
Дагестандын башчысы Федор Щукиндин айтымында, бардык дрондор жок кылынган. Бирок дрондун сыныгы кулап, Махачкала портунда жана Гамзат Цадаса атындагы авар музыкалык-драма театрында өрт чыккан. Жабыркагандар болгон жок.
Театрдын директору Магомед Бисавалиевдин айтымында, дрондун сыныгы имараттын чатырына түшүп, айнектери сынып кеткен.
Astra басылмасы соккунун бутасы Махачкала коммерциялык деңиз порту болушу мүмкүн экенин жазды. Бул Каспий деңизиндеги Орусиянын жыл бою иштеген, суусу тоңбогон жана суюк, кургак жүктөрдү тейлеген жалгыз порту болуп саналат.
Басылманын маалыматына караганда, жергиликтүү тургундар абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилбегенине нааразы болушкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-сентябрдагы эртең мененки кайрылуусунда Махачкала портуна сокку урулганын ырастады.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, дрон жеке турак үйгө кулап, өрт тутанган. Бир аял каза болуп, дагы эки адам жаракат алган. Аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бир турак үй толугу менен талкаланып, башка имараттар да зыян тарткан.
Exilenova+ NASA FIRMS спутниктери тарткан сүрөттөрдү жарыялап, андан Азов деңизиндеги Керч районунда чыккан өрттү көрүүгө болорун билдирди. Басылма Орусиянын «көмүскө флотуна» тиешелүү кеме күйүп жатышы мүмкүн деген божомолун айтты.
Украиналык жана орусиялык Telegram-каналдар түн ичинде Сочиде жарылуулар болгонун жазышты. Краснодар крайынын ыкчам штабы Сочи экипажы жок катердин чабуулуна кабылганын маалымдады. Жээк тилкесинде өрт чыккан.
Ар кандай маалыматтарга караганда, жарылуулардан улам «Фестивальный» концерттик залында ырчы Татьяна Буланованын концерти үзгүлтүккө учураган. Краснодар крайынын ыкчам штабы 28 адам жабыркаганын, алардын арасында эки бала бар экенин билдирди.
Ростов облусунун губернатору аймакта 90 дрон жок кылынганын, төрт шаар жана 16 район соккуга кабылганын маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги жалпы жонунан Украина учурган 448 дрон жок кылынганын билдирди.