Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Укук коргоочу Максим Кулешовдун Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат берилген жок

Максим Кулешов
Максим Кулешов

Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу, жарандык активист Максим Кулешов өлкөгө киргизилбей, 10-сентябрда эртең менен "Манас" аэропортунан депортацияланды. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди.

Ал Кыргызстанга Стамбулдан учуп келген. Ага "өлкөгө кирүүгө уруксат жок" деген документ беришкен, себеби түшүндүрүлгөн эмес.

"Белгилүү жарандык активист Максим Кулешовдун Кыргызстандагы жетим балдарга кандайча жардам берсем деген ойлору бар болчу. Ал эртең менен 7де депортация болуптур. Максим биздин дагы активист болчу. Биз ага эч кандай жардам бере албай калдык. Эгерде бир суроо жаралса, мыйзамга такап негиздесе жакшы болмок. Жөн эле "кирүүгө тыюу салынган" деп былтыр фестивалда дагы дароо үч кишини киргизбей койгон. Бул опурталдуу көрүнүш", - деди Исмаилова.

Чек ара кызматы жана өлкө бийлиги Кулешовдун киргизилбей калган себебин түшүндүрө элек.

Максим Кулешов Кыргызстанда өзүнүн адаттан сырт, өзгөчө флэш-моб акциялары менен белгилүү болгон. Президенттин атынан 100 граммдан сүт таркаткан, өзүн чынжырга ороп акцияга чыкканы, түрдүү пикеттери үчүн аны бир нече жолу милиция кармаган. Психиатриялык ооруканага да күчтөп жаткырылган.

2010-жылдагы ыңкылаптын алдында саясий башпаанек алып, Европадагы өлкөлөрдүн бирине көчүп кеткен. Кийин Норвегиянын жарандыгын алган.

Жакында адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешкен. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, кээ бирлери бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.

Баяндамада быйыл май айында кыргыз бийлиги эл аралык эксперт Стив Свердловду өлкөгө киргизбей койгонуна, бюрократиялык басым күчөп, 2024-жылы кабыл алынган “Чет өлкөлүк өкүлдөр” мыйзамы жаңы эрежелер менен толукталганына, борбор калаада митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2026-жылдын 16-сентябрына чейин узартылганына көңүл бурулган.

Укук коргоочу, АКШнын Түштүк Калифорния университетинин профессору Стив Свердлов 19-майда таңга маал Кыргызстанга учуп келип, бирок өлкө аймагына киргизилген эмес. Ал “Манас” эл аралык аэропортунан кармалып, Түркияга депортация болгон.

Президент Садыр Жапаров дээрлик ар бир маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, саясатчыларга басым-кысым жоктугун кайталап айтып келет. Мамлекет башчы журналист Али Токтакуновго берген соңку интервьюсунда дагы саясий куугунтук жок экенин, алдыда боло турган президенттик шайлоого катышам дегендерге шарт түзүлөрүн айткан. Жапаров журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин билдирген.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG