Адвокат: "75чилер каты" боюнча жаңы чечимде мүлктү конфискациялоо талабы жок

Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу сот залында. Архив.

Бишкек шаардык сотунун 10-сентябрдагы өкүмүнө ылайык, "75чилер каты" боюнча айыпталгандардын мүлкү конфискация болбойт. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, шаардык сотто кайра квалификация болгон беренеде андай чара жок.

Бишкек соту “75чилер каты” деп таанылган, атайын кызматтын мурдагы төрагасы башында турган саясатчы, коомдук ишмерлер айыпталган чуулуу иш боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмаштырылды. Сот айыпталуучуларды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскартты.

Сот өкүмүн чыгарып жатканда журналисттер киргизилген жок. Соттун басма сөз кызматы сүрөт, видео тартуу маселесин ишти карап жаткан соттук коллегия чече турганын билдирди.

7-сентябрдагы отурумда прокурорлор соттон айыпталуучулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган. (ZKo/DSh)

Дагы караңыз

"75чилер каты": Шаардык соттун өкүмү чыкты, берене алмашып, пробация мөөнөтү кыскардыМайыптыгы барларды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөрдү"Бала ырысы" жөлөк пулун алууга 240 миңдей арыз кабыл алындыМахачкала дрон чабуулуна кабылды, Сочиде 28 киши жабыркады