9-сентябрга карата Кыргызстанда ай сайын берилүүчү "Бала ырысы" жөлөк пулун алуу үчүн арыз бергендердин саны 240 миңден ашты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, арыздардын 83% "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилген, калган 17% аймактык социалдык бөлүмдөр аркылуу келип түшкөн.
Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү 1200 сомдук "Бала ырысы" жөлөк пулу быйыл 1-августтан тарта бөлүнө баштады. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган балдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү белгиленген райондук коэффициенттерди эске алуу менен аныкталат.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, “Бала ырысы” жөлөк пулун өлкөдө 470 миңге жакын бала алат.
“Бала ырысы” деп аталган жөлөк пул балдарга төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилет. Ал ата-эне арыз менен кайрылган жана бала жөлөк пул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө “Бала ырысы” ар бирине өзүнчө чегерилет.
“Бала ырысы” 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилет.
Министрлер кабинети быйыл үч жашка чыга элек балдарга жөлөк пул берүү үчүн бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөрү кабарланган. (ZKo)
Шерине