Reuters: Рязандагы мунай заводу украин дрон чабуулунан кийин ишин токтотту

Рязандагы мунай иштетүүчү завод. (Март, 2026-жыл)

Орусияда Рязандагы "Роснефть" компаниясына караштуу мунай иштетүүчү завод 6-сентябрдагы украин дрондорунун чабуулунан кийин ишин токтотконун Reuters агенттиги тармактагы эки булагына шилтеме кылып жазды.

Басылманын булактары билдиргендей, чабуулдан кийин заводдогу негизги АВТ-6 жабдуусунун жана ошондой эле кошумча АВТ-4 жабдуусунун иши токтогон. Дагы бир негизги – АВТ-3 жабдуусу май айынан бери оңдолуп жатат.

Агенттиктин булактары жабыркаган блокторду оңдоо бир нече аптага созулушу ыктымалдыгын билдиришкен.

Мунай иштетүүчү заводго 6-сентябрда сокку урулган, Рязан облусунун губернатору Павел Малков "ишканалардын биринде" өрт чыкканын кабарлаган.

Рязан мунай иштетүүчү заводу Орусиядагы ири ишканалардын бири, ал жылына 17 млн тоннадай мунай иштетет. Ишкана Орусия Украинага кол салгандан берки убакта 17-жолу украин дрондорунун соккусуна кабылды.

Дагы караңыз

"75чилер каты": Адвокат Жогорку сотко арыз берилерин айттыАдвокат: "75чилер каты" боюнча жаңы чечимде мүлктү конфискациялоо талабы жок"Бала ырысы" жөлөк пулун алууга 240 миңдей арыз кабыл алындыМайыптыгы барларды караган ассистенттин кызмат акысын төлөө тартиби өзгөрдүМахачкала дрон чабуулуна кабылды, Сочиде 28 киши жабыркады