Орусиянын Тольятти шаарында украиналык дрондор бир нече турак үйгө зыян келтиргенин, бир адам жабыр тартканын Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев билдирди.
Губернатор аталышын тактабай, "өнөр жай ишканасына" дагы чабуул жасалганын айтты.
Мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдар чабуулдун бутасы "Куйбышев Азот" заводу болгонун жана соккудан кийин анын аймагын өрт каптаганын билдиришүүдө.
Ишкана капролактам, полиамид-6, техникалык жип, шиналык корд, аммиак селитрасын, карбамид, аммиак жана башка азоттук жер семирткичтерди өндүрөт.
"Куйбышев Азот" капролактамды өндүрүү боюнча КМШдагы ири, Орусиянын өзүндө чоюлчаактыгы жогору полиамидди жана бышыктыгы жогору техникалык жипти өндүргөн жалгыз завод.
Дрондордун жапырт чабуулуна Ростов облусунун Таганрог шаары да кабылган. Шаар башчысы Светлана Камбулова төрт коммерциялык объектте өрт чыкканын билдирди.
ASTRA Telegram-каналы чабуулдун буталарынын бири шаар ичинде жайгашкан "Таганрог-Центральный" аскердик аэродрому болушу мүмкүн деп болжолдоодо. Ал жерде 708-аскердик-транспорттук авиациялык полк жайгашкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү 230 дронду жок кылганын билдирди. Украиналык соккулардын аскердик объектилерге тийгизген кесепеттери тууралуу адаттагыдай эле маалымат берген жок.