Кыргызстанда АИ-92 бензининин, дизелдин жана автогаздын баасын туруктуу кармоо чаралары 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында, баа мунайзаттарын импорттогон жана аларды май куюучу жайлар аркылуу саткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында аныкталган.
Ага ылайык, Бишкекте жана Чүй облусунда АИ-92 бензининин бир литри 87,9 сом, дизель 99,9 сом, автогаз 48,8 сомдон сатылууда.
Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында АИ-92 бензини 88,9 сом, дизель майы 100,9 сом, автогаз 49,8 сом.
Ош шаарында жана Ош облусунда, Жалал-Абадда АИ-92нин баасы 90,4, дизель майы 102,4 сом, автогаз 50,6 сом.
Баткен облусунда АИ-92 бензини 91,4 сом, дизель 103,4 сом, автогаз 50,8 сом.
Алыскы жана тоолуу райондордо күйүүчү май баасы айырмаланат. Лейлек районунда, АИ-92 бензининин бир литри 92,4 сом, дизель майы 104,4 сом, автогаз 51,8 сом. Чаткал районунда 91,4, 103,4 жана 51 сом, Ак-Талаа районунда 89,9, 101,9 жана 50,8 сом, Чоң-Алай районунда 91,4, 103,4 жана 51,6 сом болуп белгиленген.
Атайын кошулмасы бар бренддик күйүүчү май баасы негизги түрлөргө караганда литрине 1,5 сомго чейин кымбат болушу мүмкүн.
Монополияга каршы кызмат күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы товарларды ташууга жана кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдар аркылуу жалпы баалардын деңгээлине таасир этиши ыктымал экенин айтты.
Учурда май куюучу жайларда социалдык мааниге ээ күйүүчү майдын түрлөрүнүн тартыштыгы жок экенин, сатып алуу баалары өзгөргөн учурда өкмөт кырдаалды баалап, зарыл учурда кошумча чараларды көрө турганын билдирди.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Өкмөт август айында Кыргызстанга чет жактан күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга субсидия берүүнү 2026-жылдын аягына чейин узарткан.
Ага ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир тоннасы үчүн 960 доллар, дизелдин бир тоннасы үчүн 1050 доллар жана автогаздын бир тоннасы үчүн 650 доллар деп белгиленген. АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге субсидия берилбейт.
Улуттук статистика комитетинин эсебинде, жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы орточо 25% кымбаттаган. АИ-95 маркасындагы бензин 33,5%, АИ-92 бензини 16,6% жана дизел отуну 25,2% өскөн. (ST)