Франциянын Руан шаарынан Канга бара жаткан жүргүнчү поезди 11-сентябрь кечинде рельстен чыгып кетип, 44 жүргүнчү жабыркады. Вагондор катуу зыян тартып, үчөө оодарылып кеткенин BFMTV жана AFP агенттиги кабарлады.
BFMTV бир нече булактарга таянып, тергөөчүлөр бул окуяны атайын уюштурулган саботаж катары карап жатканын жазды. Маалыматка караганда, жолдун ортосунда болбошу керек болгон рельстин бир бөлүгү табылган.
Кийинчерээк бул маалыматты Руандын прокуратурасы дагы ырастады. Тергөөдө ал жерде кандай себептер менен рельстин бөлүгү жатып калганы аныкталат.
AFP жазгандай, Франциянын темир жол байланышын башкарган SNCF Réseau компаниясы кырсык болгон линиядагы каттам убактылуу токтотулганын билдирди. Ыкчам жумуштарды аткаруу үчүн электр энергиясы дагы өчүрүлдү.