АКШ коммерциялык кемелерден америкалык аскерлер абаны коргоону камсыздай ала турган белгилүү сааттарда гана Ормуз кысыгынан өтүүнү суранды.
Май айынан бери Вашингтон кысыктын түштүк тарабында Оман жээктерин бойлой сапарга чыккан кемелерди абадан коргоп келет. Буга чейин АКШнын Аскер-деңиз координациялык борбору (NCAGS) америкалык аскер учактары абада болгон түнкү убакыттарда кеме ээлерине маршруттук координаттарды берип турган.
Сентябрдан тартып тартип өзгөрүп, кемелер өткөн убакыт кыскарган. Кемелерге белгиленген саатта гана жолго чыгуу сунушталууда.
"Караңгыдагы транзит күндүн эң коопсуз убактысы экени далилденген жок”, - деп айтылат NCAGS отчетунда.
Талдоочулардын баамында, кемелердин белгиленген убакытта өтүүсү АКШга ресурстарды натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берет.
Заманбап америкалык аскердик учакты иштетүүгө бир саатына 25 миң доллардан 75 миң долларга чейин чыгым кыланат.
Financial Times (FT) басылмасынын жазганына караганда, азыркы жаңжал 28-февралда башталгандан бери Ормуз кысыгында 70тен ашуун коммерциялык кемелерге чабуул болгон.
Кемелерди өткөрүү тартибинин өзгөрүшү АКШ менен Иран кысыкта өз эрежелерин киргизүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди.