Таластын губернатору Эгемендик майрамында Туткучевдин ырдабай калган себебин түшүндүрдү

Аалы Туткучев

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев Кыргызстан эгемендигинин 35 жылдыгына арналып уюштурулган майрамда төкмө акын Аалы Туткучевдин ырдабай калган себебин түшүндүрдү. Облус жетекчисинин "Азаттыкка" билдиришинче, протокол өзгөргөн эмес, концерттин программасы алмашкан.

"Ал кишиге мен түшүндүрүп айткам. Концерттин программасы алмашып кеткен. Өзүңүздөр деле көрдүңүздөр да, аянтта бир да акын ырдаган жок. Аянтта чет элдик артисттер келип, эстрада концерти болуп жаткандан кийин ошого кеттик. Экинчиси, “Манас ордодо” да концерт болду. Ал жерде акындардын айтышынын жыйынтыгы болуп жаткан соң, атайын акын чыгып, ырдашынын кажети барбы деген маселе жаралып калды да. Ага протоколдун эч кандай тиешеси жок, ал жеке менин чечимим. Программа кээде нугуна жараша алмашып турат", - деди облус жетекчиси.

Кыргызстандын Эгемендик күнүнүн 35 жылдыгы 11-сентябрда Талас шаарында расмий белгиленди. Чоң салтанатка президент Садыр Жапаров баштаган мамлекет жетекчилери, өнөр адамдары катышып, оюн-зоок, концерт менен коштолду.

Ошол салтанатка Кыргыз эл акыны Аалы Туткучев бир ай мурда чакырылып, бирок бир күн калганда катышуучулардын тизмесинен чийилип калганы талкуу жаратууда. Төкмө акындын Таластагы башка тойдо ырдап, Эгемендик майрамына барбай калганын төгүп ырдаган видеосу социалдык тармактарга тарады.

Аалы Туткучев өлкөдөгү көйгөйлөрдү, бийликтин кемчиликтерин ырга салып төгүп жүрөт.

Ал 2020-жылы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында президенттин катышуусунда өткөн Эгемендик майрамында бийликти сындаган ыр ырдаган. (КЕ/GE)

Дагы караңыз

Түркияда ЛГБТ-активисттер жапырт кармалды Ташиевдин адвокаты "75чилер иши" боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы прокуратурага кайрылдыЖапаров мамлекеттик сыйлык системасы жаңыртылып, татыктууларга берилерин билдирдиКушнер Украина аймагынан баш тартпай турганын, башка чечим изделерин билдирди